Бишкектеги айыл чарба жарманкелери май айына чейин болот

Калаа тургундары азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте май айына чейин дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болот.
Шаардыктар азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен ала алат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп