Бишкектеги айыл чарба жарманкелери май айына чейин болот

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖарманкеде эт сатуу. Архивдик сүрөт
Жарманкеде эт сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Калаа тургундары азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен алса болот.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкекте май айына чейин дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүп турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин борбордогу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болот.
Шаардыктар азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен ала алат.
Дүкөндө азык-түлүк салынган араба. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргызстанда Казакстандан алынчу азык-түлүктүн запасы кандай? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0