"Манаста" уурдалган түркиялык ишкер: УКМК дагы эки адамга издөө жарыялады. Сүрөт

Атайын кызмат издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунан уурдалып, барымтага алынган түркиялык ишкердин иши боюнча кылмышка шектелген дагы эки жаранга издөө жарыяланды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Болот Матраимов (сол жакта) жана Ниязалы Махаматкарим уулу
"Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Ниязалы Махаматкарим уулу жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Болот Матраимовдун уурдоого тиешеси бар экени такталды. Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
УКМК издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо 0312620585, 0312660475, 0312626504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.
Белгилей кетсек, декабрь айынын башында атайын кызмат түркиялык ишкерди уурдап кетип үч миллион доллар талап кылды делген кылмыштуу топту кармаган. "Манаска" түшкөн чет элдик жаранды документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча такап коркутуп, баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип бир үйгө алып барып беш күн кармашкан. Кийин уурдагандар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ишкерди 400 миң доллар менен коё берүүгө макулдашкан.
Бул кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана Чүй облустук милициясынын "Манас" аэропортунун аба-транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Каракталган 114 миң доллар жоголду. Кара-Суудагы күйгөн унаанын чоо-жайы