Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Кытайдын ТИМ башчысы: Борбор Азияда согуш болуп кетишине жол бербеш керек

Дипломат Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө доо кетпеши үчүн Москва менен Пекин пандемия менен күрөшүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө жардам бериши керектигин да белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кытай менен Россия Борбор Азия мамлекеттеринин согуш менен башаламандыкка батып кетишине жол бербеши керек. Бул тууралуу КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Россиянын ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Кытай менен Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана Борбор Азия мамлекеттеринин достук мамиледеги коңшусу катары региондо согуш менен хаостун жаралышына жол бербеши керек", — деген Ван И.
Ал ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин ишине тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө Москва менен Пекин тоскоол болушу керектигин айтып, бул өлкөлөр менен кызматташууну тереңдетүү зарылдыгына токтолгон.
Ван И "түстүү революция" менен "жамандыктын үч күчү" (терроризм, экстремизм, сепаратизм — ред.) хаос жаратарын айтып, мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга чакырган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: эки күндөн кийин ЖККУнун аскерлери Казакстандан чыга баштайт
Министр Борбор Азия мамлекеттеринин стабилдүүлүгүнө доо кетпеши үчүн Москва менен Пекин аларга пандемия менен күрөшүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө жардам бериши керектигин да белгилеген.
Анын пикиринде, аймактык коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга тез реакция кылуу үчүн Россия менен Кытай Шанхай кызматташтык уюму менен ЖККУнун кызматташуусун бекемдеши шарт.
Лавров менен Ван И телефондон кечээ күнү сүйлөшкөн. Россия ТИМи билдиргендей, тараптар Казакстандагы абалды талкуулап, тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө тынчсызданып жатканын билдиришкен.
5-январь күнү эртең менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин өзү жетектей баштаган. Кеңештин биринчи жыйынында ал мамлекеттин бүтүндүгүн бүлдүрүү аракети болуп жатканын айтып, ЖККУдан жардам сурап кайрылган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлеринин онлайн-саммитиндеги урунттуу учурлар