Акылбек Жапаров Казакстандын жаңы премьерин куттуктап, Кыргызстанга чакырды

Жапаров Казакстандын премьер-министрине жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалап өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду Казакстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
"Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтарарына ишенем. Эки мамлекеттин элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даярмын", — деп жазылат куттуктоодо.
Жапаров Казакстандын премьер-министрин 2022-жылы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Ал Алихан Смаиловго чың ден соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап өткөн.
Эске салсак, бүгүн, 11-январда, Казакстандын парламенти Алихан Смаиловду премьер-министр кылып шайлады. Анын талапкерлигин президент Касым-Жомарт Токаев сунуштаган.
Радио
Бактыгулов: Казакстандын ички саясаты Кыргызстандыкынан көп айырмаланбайт