Казакстандагы окуяларга Батышта "Путиндин ультиматуму" деп аталган нерседен бөлүп сереп салууга мүмкүн эмес. "Путиндин ультиматуму" өзүнө Россиянын АКШга Украина менен постсоветтик аймактан жана жаңы эле башталган Россия-Америка сүйлөшүүлөрүнөн баш тартуу талабын камтыйт. Бирок мындагы байланыш таптакыр алар ойлогондой эмес дейт россиялык журналист Петр Акопов. Анын макаласын РИА Новости жарыялады.
Казакстандагы башаламандыкты Москва менен Вашингтондун ортосундагы ири соодага даярдык катары кабылдагандар да бар: Батыш республикадагы толкундоону өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылды эле, Россия дал болгон жетекчилерге өз убагында жардамга кол сунуп болуп кетчү оор жагдайдын алдын алды. Азыр баары мунун баары ким үчүн пайда эле деген суроого жооп издеп бушайман. Постсоветтик мейкиндикте таасири күч Россиягабы? Же Москваны агрессор катары көрсөтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алган АКШгабы? Бирок ушу тапта россиялык десантчылар Казакстанда эмне менен алек деген суроонун мааниси анчейин болуп турат, анткени Украинаны Россиянын кол салуусунан коргоого европалыктарды бир нече ай бою даярдап келген англосакстар үчүн баары "түшүнүктүү".
"Россиялык жоокерлерден оңой менен кутула албайсың" деген теманы катуу күүлөп жаткан АКШ үчүн Казакстандагы окуялардын башкы мааниси башкада: америкалыктар Россия постсоветтик айдыңда таасирин биротоло орнотуп жатканына ынанды. Башкача айтканда, "Путиндин ультиматуму" кокусунан пайда болуп сестентип коюу үчүн айтылган жөн кеп эмес. Мындан улам сүйлөшүүлөрдү да АКШ өзүнө анча ыңгайлуу боло бербеген атмосферада өткөрүүгө мажбур болуп турат. Орустардын оюнда эмне бар деги?
СССРди калыбына келтирүүбү? Жекшемби күнү CNN каналынан мамлекеттик катчы Энтони Блинкенге дал ушундай суроо узатылды эле, ал "ооба" деп жооп берди.
"Менимче, бул президент Путиндин максаттарынын бири. Азыр мурунку Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөргө таасирин жандантып жатат".
Ошол эле учурда Блинкен "СССРди кайра түзүү мүмкүн эместигин" да кошумчалады. Башкача айтканда, акыркы он жылдан бери кайталап келе жаткан "биз жол бербейбиз" ырын кайталады.
Бирок мурунку администрациянын тышкы саясат боюнча башкы стратеги, Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Казакстандагы окуяларга туура эмес баа берүү менен тескерисинче жол берилет деп кооптонуп турат. The Wall Street Journal басылмасынын жекшемби күнкү санында чыккан "Казакстандагы кризис Советтер Союзунун жанданышыбы?" деген макаласында Болтон мындай деп эскертүү берип жатат:
"НАТОнун бекемдиги Путиндин экспансионисттик максаттарына олуттуу тоскоолдук жарата алат. Бирок эгер НАТО "эреженин негизиндеги эл аралык укук" тууралуу сөз менен чектелип, тараптарды "сабырдуулукка" чакыра турган болсо. кийин тарыхчылар Казакстандагы кризисти Советтер Союзунун жоктон бар болгон учуру катары белгилеп калышы толук мүмкүн".
СССРдин кайра жаралуусуна жол бербөө үчүн Болтон "Путиндин айткандарына, өзгөчө НАТОдон чек арасын чыгышты көздөй кеңейтпөө боюнча милдеттеме алуу талабына каршы туруу зарылдыгын" саймедиреп жатат. Украинаны азыр эле НАТОго кабыл алалы деген жок, анткени ишке ашпас нерсе экенин жакшы түшүнөт. Бирок "тез арада альянска кирбеген мурунку советтик республикалар үчүн стратегия иштеп чыгууну" сунуштоодо.
Болтондун айтканы боюнча жыйынтык чыгарсак, Москванын чыгышты көздөй кеңейтпөө сунушун четке кагып, орустардан постсоветтик мейкиндикти коргоп калуу керек экен, болбосо алар СССРди калыбына келтирип коёт имиш.
Ооба, Болтон атлантчылардын постсоветтик айдыңдын бир бөлүгүн (жок эле дегенде Украина, Грузия, Молдова) өз таасири алдында калтыруу жөндөмүнө ишенип турат, бул үчүн азыр Путинди коопсуздук кепилдиги менен кошуп туруп "барагой" деш керек. НАТОчулардын алды-артын карап оокат кылгандары Украинаны атлантизациялоону айта берип Батыш постсоветтик мейкиндиктин реинтеграция процессин ылдамдатып жибериши мүмкүн деп кооптонушууда. Анткени Москва альянс аны менен эсептешпей турганына көзү жетсе, Украинаны бетке кармаган мүмкүнчүлүктөн биротоло ажыратып коёт.
Эмне дейбиз? Россиянын постсоветтик мейкиндикке геосаясий көзөмөлү жанданат, муну СССРдин кайра жаралуусу десе да болот. Бирок Россия Евразиялык биримдикти түптөө тууралуу кеп кылмакчы. Буга Батыш болушунча тоскоол болушу мүмкүн, билдирүү таратып, орустардан болчу коркунучтар тууралуу айтып айгай салышы ыктымал. Бирок мунун баары суу кечпей калат. Анткени россиялык көзөмөлдүн жанданышы бул Путиндин каалоосу же Москванын гегемонисттик бир кыялы эмес. Бул орустардын эле кызыкчылыгын көздөбөй турганын Казакстандагы окуялар көрсөттү.
Орто Азияда Батыштын, Түркиянын, Кытайдын таасири күчөп жатат деген кооптонуулар дале эсибизде. Бирок качандыр бир кезде кризис жаралган учурда башаламандыкты токтотууга Россия гана жөндөмдүү экени айгине болуп калды.
Анткени Россия бул чындап иштеп жаткан мамлекет, мамлекеттүүлүктүн салты сакталган, коңшулаш өлкөлөрдүн тагдырлаш экенин жакшы түшүнөт, жоопкерчилик да ала алат. Анткени коңшуңдун тынчтыгы — сенин тынчтыгың. Эң башкысы — глобалдуу жагдайлар жаралган учурда постсоветтик өлкөлөрдө "эч кимден көз каранды эмесмин" деген түшүнүк болбойт.