Тумшугу менен кумга сайылган автоунаа. Сауд Аравиясында тартылган сүрөт. "Дакар" раллисиндеги Gck Motorsport's
Алматы шаарындагы башаламандык учурунда күйүп кеткен автоунаалар. 2022-жыл, январь айы
Ашдод шаары: "омикрон" күчөп кеткендиктен коронавируска тест тапшыруу үчүн автоунаада кезек күтүп отурушат. Израилде тартылган сүрөт
Митинг катышуучусуна курал такаган полиция кызматкери. Алматы шаары, Байтурсынов көчөсү. 2022-жыл, январь айы
Иванов аэропортунда Казакстанга учакка жүктөлүп жөнөтүлө турган аскердик техника. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев аталган өлкөдөгү башаламандыктан улам ЖККУдан стратегиялык объектилерди кайтарып берүүнү суранган
Токиодо Эдо өрт өчүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү машыгуу учурунда салттуу япон ыкмасын көрсөтүп жатышат
Судандын борбор шаарындагы нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири баррикаданын жанында турат
Жумушчулардын Олембе стадионунда африкалыктардын футбол боюнча кубогуна даярданып жаткан учуру. Яунде, Камерун
Лхоксукондогу (Индонезия) суу ташкынынын азабын тарткан жергиликтүү жашоочулар
Лондондогу ZSL зоопаркындагы (Улуу Британия) эки өркөчтүү төө жана зоопарк кызматкери
Кантээр экен? Португалиядагы сёрферге көз салып турган адамдардын тобу
Алматыда башаламандыкта каза тапкан кишинин сөөгү. Анын денесин акцияга көтөрүп чыккан транспаранттын айрындысы менен жаап коюшкан. 2022-жыл, январь айы
"Талибан"* согушкерлери Карга көлүндө кар түшкөн учурда атчан турушат. Афганистан
* — Кыймылга террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУ тарабынан санкция салынган.