Ыргып турба! Адис ден соолукка зыян келтирбей ойгонуу жолдорун айтып берди

Неврологдун пикиринде, көздү ачкан соң төшөктө бир аз жатып, дене бойду акырындан кыймылдатып, организмди толугу менен ойготуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Саат чырылдаары менен ыргып тура калганда кан айлануу системасына катуу күч келет. Организмге зыян келтирбей туруунун жолдорун Sputnik радиосунун эфиринде невролог Игорь Орлов айтып берди.
Адистин пикиринде, көздү ачкан соң төшөктө бир аз жатып, дене бойду акырындан кыймылдатып, организмди толугу менен ойготуу керек.
"Бир нече саат бою жаткан соң дароо тура калуу, башкача айтканда, туурасынын жаткан дене бойду бир нече секунд ичинде узунунан тургузуп коюу кан айлануу системасына күч келтирет. Организм стресске кабылат. Ойгонгон соң керилип-чоюлуу керек”, — деди Орлов.
Ошондой эле дарыгер керилүү эрежелерин түшүндүрдү.
Анын айтымында, алгач буттарды кыймылдатуу керек. Мисалы, манжалардан тарта акырындык менен жамбаш сөөккө чейин. Андан соң гана колду өйдө чоюп, моюнду кыймылдатуу зарыл.
Сомнолог майрамдан кийин жумуш режимине кантип кыйналбай кайтса болорун айтты