Бишкектеги окуу жай Россиядан жаңы жылга карата 2 миңден ашуун китеп алды

Китептер Кыргыз-Орус Славян университетинин бардык жети факультетине, колледж жана мектебиндеги китепканаларга бөлүштүрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жаңырган жылдын башында Кыргыз-Орус Славян университети Москвадан көптөгөн эки миңден ашуун китепти белекке алды. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.
Жаңырган жылдын башында Кыргыз-Орус Славян университети Москвадан көптөгөн эки миңден ашуун китепти белекке алды
Белектерди Россиянын мамлекеттик гуманитардык университети (РГГУ) жөнөткөн.

"Жалпысынан миң тоннадан ашык 2 265 китеп жөнөтүлгөн. Анда илимий, илимий-таанымал, маалымдама, окуу куралдык, техникалык жана көркөм адабияттар камтылган. Китептер Кыргыз-Орус Славян университетинин бардык жети факультетине, колледж жана мектебиндеги китепканаларга бөлүштүрүлөт", — деп билдирди окуу жайдын маалымат кызматы.

Эки окуу жай көп убакыттан бери кызматташып келе жатканы белгиленди. Алар илимий жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып келет. Учурда "Кыргызстан тануу" китеби боюнча иштеп жатышканы айтылды. Андан сырткары КМШ мамлекеттеринин башчыларынын чечими менен 2023-жылы жарыялана турчу Орус тили жылына карата даярдыктарды башташкан.
Россиядагы студенттер шаары кыргызстандык абитуриенттерди чакырат