Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылды

Буга чейин аба майдандын маалымат кызматы 9-январга чейин, андан кийин 10-январга чейин жабылды деп билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Алматыдагы аэропорт белгисиз мөөнөткө жабылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Буга чейин аба майдандын маалымат кызматы 9-январга чейин, андан кийин 10-январга чейин жабылды деп билдирген.
Казакстанда нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алган. Кийин ЖККУ линиясы боюнча РФтин тынчтык орнотуучу күчтөрү аэропортту көзөмөлгө алган.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы жана активист, ыктыярчылар үчүнчү өлкөдөн Казакстанга Бишкек аркылуу бара жаткан жүргүнчүлөргө транспорт бөлүп, мейманканада түнөк уюштуруп жатат. Шаар мэри Айбек Жунушалиев казакстандыктарды тосуп алууну уюштуруу боюнча шаардык штабдын иш-планын бекиткен. Ал боюнча шаардык кызматтар, райондук администрациялар жана Казакстандын элчилиги макулдашылган иштерди жүргүзүүдө.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак тилек" өткөрүү пункту мурдагы тартипте иштей баштады