Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанга жардам берчү ЖККУ жоокерлеринин саны айтылды

Зарылдык жаралса коңшу өлкөгө кошумча күч жөнөтүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Казакстанга жардам көрсөтүү үчүн барган ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү 2 500 жоокерден турат. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы катчысы Станислав Заська таянып Sputnik Казакстан жазды.
Анын айтымында, зарылдык жаралган учурда коңшу өлкөгө кошумча күч жөнөтүлмөкчү.
Зась уюмдун максаты Казакстанга жардам берүү экенин, калган айтылып жаткан кептин баары болбогон сөз экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган митинг массалык башаламандыкка айланып, натыйжада өлкө аймагы боюнча өзгөчө абал жарыяланды. Президент Касым-Жомарт Токаев элге эки ирет кайрылуу жасап, мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атады. Мындан улам ЖККУга жардам сурап кайрылган.
Ушу тапта Алматы шаары баарынан көп жабыркап турат. Өлкө ИИМинин билдиргенине караганда, акыркы маалымат боюнча күч түзүмдөрүнөн 18 киши каза болуп, 700дөн ашыгы ар кандай жаракат алган. Мындан тышкары, 2000ден көбүрөөк киши кармалганы айтылууда.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
ТИМ: Казакстандагы чыр-чатакка катышкандар арасында кыргыз жарандары жок