Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек

Үшүк алганда сууктун таасиринен улам дене тканы жабыркайт. Нөл градус температурада да нымдуулук жогору болсо үшүк алышы ыктымал.
Sputnik
Үшүк алганда кандай чара көрүү керектиги жана сактануу эрежеси тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева Sputnik Кыргызстан агенттигинде маек куруп жатып билдирди.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева
— Кандай учурда, канча градуста адамдын денесин үшүк алып кетиши мүмкүн?
— Үшүк алганда негизинен адамдын дене ткандары жабыркайт. Көбүнчө кол-буттун манжаларын, мурун, кулакты үшүк алат. Абанын температурасы -10...-15 градус болгон учурда колу-бутубузду үшүк алып кетиши ыктымал. Бирок дагы бир фактор — нымдуулук. Дененин ачык бөлүктөрүн аба ырайынын катуу суугунда гана эмес, нөл градус температурада да нымдуулук жогору болсо үшүк алышы толук мүмкүн. Же шамал болуп жатканда деле дененин кайсы бир мүчөлөрүн үшүккө алдырып жиберүүгө болот. Ага көбүнчө суукта көп жүргөндөр, жеңил кийинип алгандар, мас болуп кышында сыртта калып калгандар жана тар кийим кийгендер кабылып калары белгилүү. Суукта иштегендер деле бар, бирок алар дайыма кыймылда болушат.
— Чоңдор менен кичинекейлердин үшүккө чалдыгууда айырмасы кандай?
— Айырмасы бар. Чоң адамдардын терморегуляциялык процесси бышкан. Ал эми жаш балдардыкы жетиле элек болот. Анан дагы кээ бир ата-эне "үшүйт" деп баланы аябай калың кийинтип салат. Кабаттап кийингенде кыймылдай албай калгандыктан энергия чыгаруу процесси жайлап, жылуулук азайып, тескерисинче, бала үшүп калышы мүмкүн. Анан кол капты, бут кийимди тыкыс кылып калыңдап кийгизип салабыз. Бул убакта да үшүккө алдыруу кооптуулугу жаралат. Тескерисинче, жеңил кийингендер да болот. Анан кыздар кыш мезгилинде жасанып, жука кийинип, баш кийими жок, бир колготки менен көчөгө чыгышат. Ушундай учурда да дене ткандарын үшүккө жабыркатып кайрылгандар бар.
Катуу суукта бараткан кыз. Архивдик сүрөт
— Кышында тоого чыгып эс алууну каалагандар арбын. Алар үчүн кийинүү эрежеси барбы?
— Кышкысын тоого эс алуу үчүн атайын костюмдар бар. Ал денеден чыга турган жылуулукту көпкө сактай турган материалдан тигилген. Мүмкүнчүлүк болсо ушундай кийимдерден сатып алган жакшы. Кээ бирлер ичинен бир кабат жука кийип туруп, сыртынан калың жемпер кийип алышат. Булар тез үшүп, чыйрыгып калышы мүмкүн. Буга караганда жука эле пахтадан тигилген кийимди каттап кийип, сыртынан жүндөн токулган жемпер кийип алган оң. Ар бир кабат кийимдин ортосунда аба аралыгы пайда болуп, ал жылуулукту жакшы сактоого өбөлгө түзөт.
— Суукта жүрүүнүн да эрежелери бар экен. Мисалы, спирт ичимдигин ичкен адамды үшүк тез алып кетиши мүмкүн дешет...
— Туура, көп адамдар ичимдик ичип алса жылуу жүрөм деп ойлошот. Алкоголь организмге тескери таасир берет. Анткени ичимдик ичкенде адам алгач ысыгандай болот берет. Бирок бул убактылуу нерсе. Алкоголь адамдын канына сиңгенден кийин кан тамырларды кеңейтип, териден жылуулук бат чыгып кетишине себеп болот. Адамдын организми уникалдуу. Анткени териде ар кандай суукка, ооруга жооп берүүчү рецепторлор бар. Алар аркылуу үшүгөнүбүздү, ооруганыбызды сезебиз. Рецепторлор суук түшөрү менен мээге белги берет. Мээ башкаруучу орган болгондуктан организмге команда берет. Анын аркасы менен кол, буттагы кан тамырлар ичкере баштайт. Себеби организм ортодо жылуулукту сактаганга жанталашып аракет кылат. Биздин башкы органдарыбыз — жүрөк, баш, боор, баары дененин ортосунда жайгашкан да. Аларга кан жеткирүүгө организм өзү киришет. Биз колу-бутубуз жок жашай алганыбыз менен жашоого маанилүү башкы органдар жок жашай албайбыз. Ошондуктан бул коргонуу реакциясы болуп эсептелинет. Суукка урунгандардын алгач колу-буту, кулактары үшүп калышы мүмкүн. Ошол себептен алкоголдук ичимдик кан тамырларды кеңейтип жиберип, чогулган жылуулукту сыртка чыгаруу менен организмдин иштөө процессине кедергисин тийгизет.
Айжаркын Эгембердиева: көп адамдар ичимдик ичип алса жылуу жүрөм деп ойлошот. Алкоголь организмге тескери таасир берет. Анткени ичимдик ичкенде адам алгач ысыгандай болот берет. Бирок бул убактылуу нерсе.
— Үшүккө алдыруунун жана жаракаттын өз ара стадиялары да бар экен. Ошол туурасында маалымат берсеңиз?
— Үшүк төрт даражага бөлүнөт. Биринчи даражасында тери эч нерсе сезбей, ал жер шишимик тартып агарып, ооруп, кычышат. Жылыгандан кийин тери көгөрөт, анан шишийт, бир аздан кийин тери түлөйт да, ал бир жумадан кийин айыгып кетет. Экинчисинде жогоркудай эле белгилер байкалып бир канча убакыттан кийин суу толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ал 10-12 күндөн кийин кургап, эки жумага созулуп барып айыгат. Үчүнчү-төртүнчү даражадагылары оор. Үчүнчүсүндө кан аралаш суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот, бир нече суткадан кийин алардын орду жансызданып, анан жарылып катат. Төртүнчүсүндө бардык жумшак ткандар, булчуңдар, кээде сөөк дагы жансызданып, өлөт. Демек, кесип салууга туура келет.
— Тоого чыгып эс алган учурда айрымдардын колу кызарып, агарып үшүк алып кеткенин байкоого болот. Бул учурда эмне кылуу сунушталат жана эмне кылбоо керек?
— Кол агарып, кызарып, бирок кармаганда жумшак болсо сезгенүү болбойт. Бул биринчи даражага кирет. Үшүккө алдырган адамды дароо жылуу бөлмөгө киргизип, жылыткыч коюп, ыкчамыраак чай ичирүү керек. Ага мүмкүнчүлүк жок болсо колду жылуу ороо сунушталат. Үшүгөн колун, бутун жылуу сууга (кол, буттун температурасынан бир аз жогору) малып, теринин сезгичтигин калыбына келтирүү керек. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасоого туура келет. Бирок кол-бутту ысык сууга жууп, үшүгөн жерди муз же кар менен сүртүүгө болбойт. Анткени ал ткандарды жабыркатып, инфекция кириши мүмкүн. Эгер үшүгөндөн кийин бир топ убакыт өтүп кетип ыйлаакча пайда болсо, аны жылуулап таңып, дарыгерге кайрылуу керек. Үшүгөн жерге арак сүртүп, укалап, жылыткычка басууга тыюу салынат.
Тоодо муз тепкен бала. Архивдик сүрөт
— Кээде кичине балдар сыртта ойноп жатып ным колу менен муздак темирди кармап же тили менен темирге жабышып калган учурлар болот эмеспи. Мындайда кандай туура жардам көрсөтүү абзел?
— Андай учурда кичине, колго көтөрүүгө мүмкүн болгон темир болсо үйгө алып келип, жылуу жерге отурса өзү эрийт. Ал эми оор, жерге орнотулган темирге жабышып калса, жылуу суу алып келип же салафанга жылуу суу куюп келип басып эритүү керек. Коркуп кетип тилди тартып алууга болбойт. Анда теринин ткандары жабыркап калышы ыктымал. Бирок эч качан ысык суу куюп жибербегиле. Айрым учурда алы жете турган болсо өзүнүн жылуу деми менен үйлөп чыгарса да болот.
— Денени үшүк алган соң жардам көрсөтүү, дарылоо процесси кандай болот?
— Негизи биринчи даражада үй шартында дарыласа болот. Эгер дененин көп жерин үшүк алса же анын үчүнчү жана төртүнчү даражасы болсо, биринчи жардам көрсөтүп, жабыркаган адамды медициналык мекемеге мүмкүн болушунча тез жеткирүү зарыл. Анткени ыйлаакчалар жарылса, ал жерге инфекция киргизүү тобокели чоң. Сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Андан ары кандай кылуу керектигин адис көрсөтөт. Дарыгерге чейин адамды жылуу жерге киргизип, үшүк алган жерди медициналык таза бинт же таза материал менен акырын ороп турса болот. Мындайда өтө кызыл чай же кофе берүүгө болбойт. Анткени алар да кан тамырды кеңейтет. Ошондуктан бир аз ыкчамыраак сууга варенье салып же компоттун түрүн берүү сунушталат.
Кан тамыр хирургу Осмонов: варикоз бир заматта адамдын өмүрүн алып коюшу мүмкүн
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши