Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Бийлик кулабайт! Токаев митингге чыккан казакстандыктарга видео кайрылуу жасады

Мамлекет башчы элдин бардык өтүнүч, талаптары эске алынарын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев митингге чыккан жарандарга дагы бир ирет кайрылуу жасады.
Ал бийлик кулабай турганын белгилеп, элдин суроо-талаптары аткарыларына убада берген.
"Урматтуу мекендештер, кадырлуу агайындар! Баарыңыздарга дагы бир ирет айтайын, сырттан жана ичтен болгон ар түрдүү жалган, айың кептерге ишенип, тартипсиздикке барбай, акыл-эс менен чечим кабыл алууга чакырам. Мамлекеттик мекемелерге кол салууга жасалган аракет мыйзамга каршы келет, бул - чоң кылмыш. Бийлик кулабайт! Бирок бизге өз ара ишеним жана өз ара диалог керек. Жаштарга айтарым, жаркын келечегиңерге балта чаппаңыздар! Жакындарыңыздар менен тууган-туушкандарыңыздын жагдайын ойлоңуздар. Мыйзамдын алкагында бардык өтүнүч менен талаптар эске алынат. Тийиштүү чечимдер кабыл алынат", — деди Токаев.
Ошондой эле ал эртең ушул маселелер боюнча атайын жыйын өтө турганын билдирген. Соңунда ал элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.
Токаев 4-январда кечке жуук да кайрылуу жасаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда абал курчуса Кыргызстандын Чек ара кызматы тиешелүү чара көрөт