Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

"Манас" аэропорту: Алматыга бүгүнкү каттам токтотулду

Аба майдандын онлайн-таблосундагы маалымат боюнча, Алматыдан саат 20:00дө учуп келчү учак дагы кармалып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бүгүн кечинде аткарылчу Бишкек — Алматы багыты боюнча каттам эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

“Авиакомпания саат 20:15теги каттамды эртеңкиге жылдырып койду”, — дешти аэропорттон.

Ошондой эле аба майдандын онлайн-таблосундагы маалымат боюнча, Алматыдан саат 20:00дө учуп келчү учак кармалып жатат.
Буга чейин Казакстанда нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алганы айтылган. Бирок бул боюнча расмий маалымат берилип, ушул тапта аба майданда эмне болуп жаткандыгы тууралуу айтыла элек.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы кырдаал Кыргызстанга кандай таасир этет? Эксперттин пикири