Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖМКлар Казакстанда интернет жапырт өчүрүлгөнүн жазып чыгышты

Интернеттин жапырт өчүрүлгөнүн GlobalCheck сервиси жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:40та каттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстан боюнча интернеттин өчүрүлгөнүн жазып чыгышты.
GlobalCheck сервисинин маалыматы боюнча, "Казахтелеком" оператору интернетти саат 17:40та жапырт өчүргөн.
Маалыматты NetBlocks долбоору да ырастоодо.
Негизги ЖМКлар менен мамлекеттик органдардын сайты да жеткиликсиз болуп турат. Мындан тышкары, телефондук байланыш да өчүрүлгөнү айтылууда.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматы: митингчилер тез жардам унааларын талкалап, медиктерге тоскоол болууда