Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Полициянын өрттөнгөн унаалары. Алматыда митингчилерди аянттан сүрүп чыкты. Видео

Аянтта калаа мэриясы, андан ары жакта мамлекет башчынын резиденциясы жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Алматынын борбордук "Республика" аянтына чогулган митингчилерди күч түзүмдөрү сүрүп чыгып, алар учурда ар кайсы көчөлөргө жүрүшкө чыкты. Бул туурасында РИА Новости жеринде жүргөн кабарчысына таянып билдирди.
Борбордук аянтта калаа мэриясы, андан ары жакта мамлекет башчынын резиденциясы жайгашкан.
Күч түзүмдөрү чогулгандарды кулак тундуруучу граната жана көздөн жаш агызуучу газ колдонуп ар тарапка тараткан. Кээ бирлерин полиция кызматкерлери кармап кеткен.
Бир аздан соң бир нече топко бөлүнгөн митингчилердин башка көчөлөрдө жүрүш уюштурууга аракет кылып жатканы байкалган. Аларды дагы күч түзүмдөрү барып кармап кетүүдө.
Ага улай эле социалдык тармактарга жолдун ортосунда күйүп жаткан полиция автоунааларынын видеосу тарап жатат.
Казакстанда 2-январда башталган нааразылык митингдери улам курчуп отуруп, 4-январда эл полиция менен кагышууга жетти. Нааразылыктар автоунаанын газына куя турган баанын кымбатташынан башталган. Бийлик бааны арзандаткандан кийин да кырдаал тынчыган жок. Күч түзүмдөрү митингчилерди күч колдонуп таратууга киришти. Бирок эл да каршылык көрсөтүп, кайра күч алууда.
Казакстанда күч алган митинг. Учурдагы кырдаалдан онлайн-репортаж