Бүгүн Айбек мырза Sputnik агенттигинин редакциясына баш багып, учурда алектенип жаткан долбоорлору тууралуу маек куруп берди. Ал уюштурган соңку долбоор — сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин көргөзмөсү. Андыктан сөздү дал ошондон баштадык.
— Айбек, акыркы учурларда сүрөт көргөзмөлөрүнө кызыккандар көбөйүп калгандай көрүнөт. "Манас" ааламын дагы сүрөттөн көргүсү келгендер көп бекен?
— Ооба, кызыгуу бар, бул жакшы көрүнүш. Биринчиден, эпикалык мотивдердин негизинде чыгарма тарткандар аз. Экинчиден, өзгөчө стилге ээ, башкаларга окшобогон сюжеттик линияны камтыган Майрамкул агайдын багыты Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбор Азия үчүн дагы жаңылык, өзгөчөлөнгөн ыкма болуп саналат.
Көргөзмөнү ошол эпикалык мотивдерди, маданий символдорду, арабызда ушундай уникалдуу таланты бар адамдар бар экенин биздин аудитория билсе деген ой менен алып чыктык. Мындай учурда заманбап визуалдык ыкмаларды колдонсо абдан жакшы экен. Биз сүрөтчүнүн эмгектеринде чагылдырылган "Манас" эпосундагы колдоочулар, кайып пирлер, тотемдер, баатырлар тууралуу чакан анимациялык ролик тарттык.
— Анимациянын мүмкүнчүлүгү көп эмеспи. Балким, мындан дагы кеңири пландарыңар болсо керек?
— Сөзсүз. Бирок анимациянын иши түйшүктүү, чыгымды көп талап кылат. Анткен менен жакынкы жылдары Манаска байланыштуу жакшы долбоорлорду пландап жатабыз. Мисалы, 3D форматындагы сүрөт көргөзмөсүн өткөрсөк деген оюбуз бар. Дубалдарда, шыпта чоң-чоң сүрөттөр, залда жандуу музыка жаңырып турса, укмуштуудай атмосфера болот деп ойлойм.
Кандай гана иш кылбайлы, биз аны менен дүйнөлүк искусство өнөрүндө өз жолубуз, уникалдуулугубуз жана мыкты адистерибиз бар экенин көрсөткүбүз келет. Искусство, маданият жаатында новаторлук жагыбыз бар, инновациялык идея, жаңы ой бере алабыз. Муну эң биринчиден өзүбүз түшүнүп баалашыбыз керек.
— Көрөңгөлүү эл экенибизге ишенимиңиз бекем экен. Сиз айтып жаткан потенциалыбызды азыркыдай шартта кантип колдонсок болот деп ойлойсуз?
— Соңку жылдары креативдүү экономика деген түшүнүк пайда болду. Азыр көпчүлүк алдыда бара жатат деп суктанып карап турган Батыш өлкөлөрү деле адам баласынын акыл мүмкүнчүлүгүнө жана чыгармачылыгына негизделген экономиканын өзөгүн табалы деп изденип жаткан учуру.
Бул мааниден алып караганда, кыргыз маданияты өтө бай жана терең. Азыр ал чети оюлбай сандыкка салып койгон нерседей эле сакталып турат. Аны алып чыгып, багын ачып, туура чечмелеп, дүйнөгө көрсөтүү үчүн эң оболу бизге деңгээл жана билим керек. Анын баарын туура пайдалана алсак, дүйнөлүк деңгээлдеги чоң жаңылыктарды жасоого кудуретибиз жетет. Болгону бизге чечкиндүүлүк жана ички тереңдик керек. Ооба, азыр экономикабыз алсыз, көйгөй ого эле көп. Бирок бизде эркин болууга, чыгармачыл болууга потенциалыбыз чоң.
Командабыз чыгармачылыкка басым жасап, театрдан тарта модага чейин искусствонун негиздүү делген тармактарын алууга аракет кылат. Буга чейин "Арт жашоо" деп аталган театрыбыз адам менен жаратылыш тууралуу "Жер эне" жана "Жаралуу" аталышындагы эки пьеса койдук. Экөөндө тең анимациялык коштоо, жандуу музыка болуп, Кыргызстан үчүн жаңылык болду. Жакында эле "Жер эне" пьесасы "Жаңы ысымдар" республикалык театралдык фестивалдан "Мыкты спектакль" номинациясында экинчи орунду ээледи.
— Мындай долбоорлорго бир топ каржы керек да. Колдогондор барбы?
— Өзүм Борбор Азия университетинде маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеп келе жатам. Ошол университет жана мени колдоп келе жаткан башка коомдук уюмдар бар. Негизинен ошол тарап колдоду, аз да болсо ишибизди саз кылганга аракет кылабыз. Ал эми меценаттар өзөктүү маданий долбоорлорду көп колдой беришпейт. Түшүнүшпөйт окшойт деп ойлойм.
— Өзүңөр жасаган долбоорлорду жаштарга жеткирүү үчүн социалдык тармактардын мүмкүнчүлүгүн пайдаланасыңарбы?
— Антпесе болбойт. Азыр жаштар гана эмес элдин баары эле интернетти көп карап калды, узак нерселерге башын ооруткусу келбейт. Андыктан 4-5 мүнөттүк видеобейнелерди тартканбыз. Ал жерде карапайым, бирок адам баласы үчүн өтө маанилүү иштерди жасап жүргөн өнөр адамдарынын жашоосун көрсөтүп бердик. Жаштар арасында кызыккандар арбын болду.
Байымбетов: меценаттар өзөктүү маданий долбоорлорду көп колдой беришпейт, түшүнүшпөйт деп ойлойм
© Фото / Жаныбек Мукашов
— Баса, сиз буга чейинки маектериңизде кыргыз музыкасындагы кошок жана дастанчылык жанрлары өнүкпөй калганын айттыңыз эле. Былтыр атам дүйнөдөн кайтып, ошондо кошок кошоюн деп интернеттен бир дагы үлгү таппадым. Балким, кыйчалыш учурда чала издегендирмин...
— Туура айтасыз, азыр чындап эле кошок жанры унутта калып бара жатат. Идеологиялык жагын албаганда деле кошок кошуу салты кыргыздын фольклорунун өтө баалуу жанры, муну сактап калуу маанилүү иш. Ошол эле "Манас" дастаны алгач кошок катары айтылып келген да. Азыр кошокту мурда чоң апалары, кийин апалары кошуп келгендер эле билбесе, башкалар билбей калды. Илимий жагынан дагы бул жанрга көңүл буруп изилдесек жакшы болмок, бул жаатта бирин-серин гана адамдар иштеп келе жатат, анын бири — биздин жетекчибиз Элмира Көчүмкулова.
— Ойлоруңуз, пландарыңыз жакшы экен. Бирок азыркыдай ар ким ар кайсы жакты карап калган учурда мунун баарын элге жеткирүү оңой болбойт го...
— Ооба, азыр элибиз бир нече баалуулуктардын системасында чайналып турган кез. Бул ар кандай чоң идеологиялык багыттамалар. Анын арасында саясий дагы, диний дагы, маданий дагы, экономикалык дагы ар кыл системалар өз максаттарын ишке ашырып келе жатышат. Бирок биздин улуттук өзөгүбүзгө туура келген, ата-бабаларыбыз карманган акылмандуулук жана руханий баалуулуктар башкы мүдөө жана максат болуш керек. Антпесе азыркы опол тоодой болгон маалымат эпкининде өздүгү жок, эрки бош, ынтымагы ыдыраган эл акырындап тарыхый аренадан сүрүлүп, сүрмө топто калуу ыктымалдуулугу күч.
Менимче, биз түпкү кызыкчылыктарыбызды көздөп өз жолубуз менен өнүгүшүбүз керек, муну мезгил дагы талап кылып жатат. Албетте, ар кайсы маданияттын бизге зыяны тийбей турган, өнүгүүгө шарт түзчү жактарын өздөштүрсөк эң жакшы. Бирок жан дүйнөбүзгө жат нерсе болсо сылык-сыпаа баш тартып коюшубуз керек. Болбосо ашмалтайыбыз чыгып калат, дендароо болуп жатканыбыздын дагы бир себеби ушул, ички башаламандык, өзөктөн алыстаган кандай гана нерсе болбосун, ал тартибин, ыраатын жоготот эмеспи.
Багыты жок улут алсырайт, анын чыгармачылык потенциалы дагы төмөндөйт, башка зыяндуу идеяларга оңой баш ийип, азаттыкка болгон умтулуусу мокойт, кайдыгерлик ошондон келип чыгат. Мээбизди ар кайсы нерседен тазалап, өзүм дебей эл үчүн кызмат кылууну туу тутуп, өз баалуулуктарыбызды орнотушубуз керек. Мунун баарын өзүбүз кылбасак, бизге эч ким кылып бербейт.