"Тазалыкчынын" өлүмү: мэрия жол кырсык тууралуу өз версиясын айтты

Маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын резервдер фондунан 50 миң сом берилери маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери набыт болгон кырсык тууралуу өз версиясын айтты.
1 / 2

Бишкек мэриясы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери набыт болгон кырсык тууралуу өз версиясын айтты

2 / 2

Маалымат кызматы билдиргендей, шаар мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге барып, кырсыктын эмнеден болгонун билип, маалымат алган.

Маалымат кызматы билдиргендей, шаар мэри Айбек Жунушалиев окуя болгон жерге барып, кырсыктын эмнеден болгонун билип, маалымат алган.
"Каргаша эртең менен саат 8:00 чамасында болгону аныкталды. "Тазалыктын" кызматкери талаптагыдай жабдылган, тагыраак айтканда, жарык берүүчү элементтери бар атайын жилетчен болгон. Алдын ала маалымат боюнча, рулу оң жакта жайгашкан автоунааны башкарып бараткан аял алдындагы автоунаадан ашып өтүп жатканда жолдун четиндеги адамды көрбөй калган. Кырсык ушундан болгон", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада мэр дем алыш күндөрү көчө шыпырган жумушчулардын борбордук көчөлөргө чыгышына чектөө киргизүүнү жана мүмкүн болушунча атайын техникалар менен тазалоо тапшырмасын берген.
Мындан сырткары, шаардык кызматтарга көчө тазалап жаткан учурда жолго жарык берүүчү элементтери бар белгилерди коюп алып иштөөнү буюрган. Аны менен катар көчө тазалагандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча атайын план иштеп чыгуу талабын койгон.
Ошондой эле бүгүн каза болгон "Тазалык" кызматкеринин үй-бүлөсүнө мэриянын резервдер фондунан 50 миң сом берилери маалым болду.
Бишкек мэриясы айдоочуларды өтө этият болууга жана жол эрежелерин кылдат сактоого чакырган.
Соңку бир айга жетпеген убакта ушуну менен "Тазалык" ишканасы үч кызматкеринен айрылып жатат. Узаган жылдын 12-декабрында 47 жаштагы, андан алты күн өткөндөн кийин 61 жаштагы киши көчө шыпырып иштеп жүргөн жеринен набыт болгон. Экөөнү тең автоунаа коюп кеткен, экинчи окуяда айдоочунун мас экени аныкталган.
Айдоочу мас болчу. "Тазалыктын" кызматкери көз жумган кырсыктын чоо-жайы