Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Аянтта боз үй тигип... Казакстандагы митинг үч күндөн бери токтой элек. Видео

Актаудагы аянтка 2000дей адам чогулса, Жаңаозен шаарында дагы эл активдешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Казакстандын Актау шаарында автотранспорт үчүн газдын кымбатташына каршы болгондордун митинги дагы деле уланууда. Sputnik Казакстан бүгүн эртең менен калаанын аянтына 2000ге чукул адам чогулганын жазды.
Митингчилер жылынып туруу үчүн борбордук аянтка боз үй тиккен.
Аны менен катар Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында дагы эл активдешүүдө. Алар да аянтка чатырларды тигип жатышат.
Кечээ, 3-январда, Маңгыстау облусунун акими Нурлан Ногаев нааразычылыгын билдирген эки шаардагы митингчилер менен жолукканы айтылат. Ал облустук автоунаага газ куюучу станциялар көгүлтүр оттун баасын 120дан 85-90 теңгеге чейин түшүргөнүн айтып, чогулгандарды коомдук тартипти сактоого чакырган.
Ал арада Qazaq Oil компаниясы газ берүүгө чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн билдирген.
"Суютулган газга суроо-талап кескин өскөнүнө карабай Qazaq Oil корпоративдик кардарларынын алдындагы милдеттемелерин толугу менен аткарат. Белгиленген баанын алкагында мунай картасы жана талон менен газ берилет. Жеке тараптарга газ берүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн. Кошумча мунай алып келүү күтүлүүдө. Ага ылайык, 10-12-январдан тарта чектөөсүз берилип, Энергетика министрлиги бекитип берген баада 85-90 теңгеден сатылат", — деп айтылат 4-январда тараткан билдирүүсүндө.
Бүгүн Актауга газдын баасы кымбатташы боюнча кырдаалды текшерүү үчүн биринчи вице-премьер Ералы Тугжанов жетектеген комиссия келери күтүлүүдө.
Эске салсак, 2-январда Маңгыстау облусунун Жаңаозен шаарында ондогон жашоочу газдын баасын төмөндөтүүнү талап кылып митингге чыккан. Шаардыктардын айтымында, 1-январдан тарта көгүлтүр оттун баасы дароо 120 теңгеге көтөрүлүп кеткен. Алар айлык акынын минималдуу чегин эске алып, газдын баасын 60 теңгеге чейин түшүрүүнү жана бул баанын сакталып турушун талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик бааны жөнгө салууга кийлигише албай турганын жана аны мурдагы калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенин билдирген.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев Жаңаозендеги митингге байланыштуу өкмөткө ыкчам тапшырма берди