Кофени жакшы көргөндөрдүн ден соолугун эмне талкалаарын адис айтып берди

Адистер калыптанып калган адат адамдын жүрөгүнө өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн дешти.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кофеге кам каймак же сүттү баса куюп ичүү адамдын канындагы холестеринге өзүнүн терс таасирин тийгизет. Бул туурасында РИА Новости диетолог Элеан Кайданяндын айтканына таянып жазган.
"Кофеге каныккан майлуу сүт жана кам каймакты күнүгө кошуп ичип жүргөндөр аларды буга чейин да дайыма колдонуп келишкени турган иш. Ал адатка айланган. Бул азыктар холестериндин деңгээлине таасирин тийгизерин эстен чыгарбаш керек", — деген ал.
Адис көбөйүп кеткен холестерин өзү жөнүндө кооптулуктун коңгуроосун дароо какпайт, бирок бул акырындап топтолуп отуруп жүрөккө жана кан тамырларга көйгөй жаратууга үлгүрөрүн эскерткен. Ал колбасадагы, ак майдагы, куурулган тамактагы каныккан май ден соолукка зыян экендигин баса белгилеген.
Диетолог кофеден баш тартуу организмди кандай өзгөртөрүн айтты