Кайда келе жатканын көрө аласыз. Ошто маршруткаларга GPS навигатор коюлууда

Бүгүн төрт маршруттук каттамга GPS орнотулганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Ош шаарында кичи автобустардын каттоо убактысын билүү үчүн GPS навигатор онлайн тиркемеси иштеп баштады. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жылга карата төрт маршруттук каттамга GPS орнотулганы айтылды.
"Алдыдагы эки ай ичинде бардык каттамдарга коюлат. Эми жүргүнчүлөр өзүнүн багытына бараткан маршруттук каттамды онлайн көрүп турат. Бул иш мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен экинчи борбор калаада алгачкы жолу ишке ашырылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Шаардык муниципалитет буга чейин GPS навигатор автобустарга орнотулганын эскертти. MiniBus тиркемесин бул шилтеме аркылуу кирип көчүрүүгө болот.
Ош шаарында коомдук транспорт 01:00гө чейин эл ташыйт
Мэрия Ош шаарын даңазалап, туристтерди чакырган роликтерди жарыялады