Окумуштуулар мындай көрүнүшкө чочуп, таң калууга негиз жоктугун эскертишти. Крым илимдер академиясынын президенти, эколог Виктор Тарасенко деңиздин ушул тарабы "Крым алтын кумдары" деп аталарын эске салган. Мындан сырткары, бул жердин кумунун курамында чопо жана ылай көбүрөөк.
Бул күндөрү Крымда нөшөрлөгөн жамгыр жана катуу шамал болгон. Окумуштуулардын айтымында, мындай кышкы катуу толкун учурунда суунун түбүндөгү катмар үстүнө чыгып, жээкке жайылат. Албетте, ал учурда суунун өңү өзгөрөт. Ал эми шторм тынчыганда баары кайра ылдый кетип, суу тунуп, мурдагы калыбына келет.
Тема боюнча: