Эң көп акча тапкан дүйнөлүк 10 тасма. Сүрөт түрмөк

Рейтингди түзүүдө инфляция эске алынган. Бул тасмалардын айрымдарын азыркы кино сүйүүчүлөр билбеши да мүмкүн. Тизмеде айкын лидер жок, анткени инфляцияга байланыштуу айрымдарынын АКШда прокатка берилгени боюнча гана маалыматтары бар.
Sputnik
1 / 10

"Унесённые ветром" (1939) фильми АКШда эле 1,8 миллиард доллар киреше тапкан. Бул прокаттын жарымына жакын сумма

2 / 10

"Аватар" (2009) тасмасынан 2,8 миллиард доллар пайда түшкөн. Ал расмий түрдө тарыхтагы эң көп киреше тапкан тасма болуп эсептелет

3 / 10

"Титаник" (1997) фильми инфляцияны эске алганда Америкада прокаттан 1,2 миллиард доллар пайда ала алган. Бул дүйнөлүк кирешенин үчтөн бир бөлүгүн түзөт

4 / 10

"Звездные войны. Эпизод IV: новая надежда" (1977) чыгармасы өз доорунун эң популярдуу тасмасы болгон. Ал инфляцияны эске алганда 1,6 миллиард доллар киреше тапкан. Бул дүйнө боюнча кирешенин төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт

5 / 10

"Мстители: финал" (2019) популярдуу кино дастаны дүйнөлүк прокатта 2,8 миллиард доллар пайда көргөн

6 / 10

"Звуки музыки" (1965) бул мюзикл Америкадагы прокаттан эле 1,3 миллиард доллар пайда алып келген

7 / 10

"Инопланетянин" (1982) АКШда гана 1,3 миллиард доллар тапкан. Бул дүйнөдөгү жалпы кирешенин 45 пайызын түзөт

8 / 10

Библиялык каарман Моисей жөнүндө баяндаган "Десять заповедей" (1956) тасмасынын кирешеси АКШда 65,5 миллион долларга жеткен. Инфляцияны эске алганда бул сумма 1,2 миллиард долларды түзөт

9 / 10

"Доктор Живаго" (1965) тасмасына Америкада прокаттан 1,1 миллиард доллар киреше түшкөн

10 / 10

"Звездные войны: пробуждение силы" (2015) — легендарлуу кино дастандын жетинчи эпизоду АКШда эле 974 миллион доллар пайда тапкан. Бул дүйнөлүк прокаттын жарымынан азыраак

Тема боюнча:
Ажарынан ай төгүлүп... Атактуу актрисалар менен кыздарынын сүрөттөрү
Сынынан кетпеген Моника Беллуччи 57 жашта. Актрисанын көз талдырган сүрөттөрү
Кыргыз киносунун багын ачкан чолпон жылдыздар. Генийлердин сүрөттөрү