Борбор Азия бир катар – аскерий, саясий, экономикалык жана табият коркунучтарына кабылды. Алардын көпчүлүгү эмдиги жылы да актуалдуу болору турулуу иш, ошондуктан ар бирине кеңири токтолуп өтөлү.
Афган коркунучу
Афганистандагы кырдаалдын кескин өзгөрүшү чоң кооптуулук жаратты. Аскер саны жана техникалык артыкчылыгына карабастан НАТО күчтөрү жана афган армиясы Талибан* кыймылынан улам утула берди. Курчуп отуруп абал акыры Кабулдан чет өлкөлүктөр башаламан чыгарылган деңгээлге жетти. Учакка жармашып, абага көтөрүлгөндө жерге кулап түшкөн качкындардын сүрөттөрү дүйнө жүзүнө тарап, үрөй учурду.
Ошентип Борбор Азия өлкөлөрү үчүн түздөн-түз тышкы коркунуч туулду. 39 миллиондун тегерегинде калкы бар бул чектешкен мамлекет тыюу салынган уюмдун согушкерлеринин көзөмөлүнө өттү. Талибандан* тышкары республика аймагында Аль-Каида**, Өзбекстандын ислам кыймылы**, Жамаат Ансаруллох** жана башка топтордун бир нече миң согушкери бар. Эске салсак, алардын арасында мурдагы СССР аймагынан чыккандар арбын.
Бул уюмдар Афганистанды экспанция үчүн плацдарм катары карап, борбор азиялык мамлекеттер үчүн түз коркунуч жаратышат. Ошону менен бирге эле акыркы жылдары талибдер менен тыгыз кызматташышкан. Куралдуу жаңжалдын жыйынтыгында афган согушкерлери 500 миңден кем эмес мобилизациялык потенциалга жана олжого алган Black Hawk аскердик тик учактарынын паркына, ондогон танк, артиллерия, анын ичинде эски режимдин армиясынан мураска калган "Град" залптык ок тутумуна ээлик кыларын эстен чыгарбаганыбыз оң.
2020-жылы афган армиясы GFP аскердик күч рейтингинде Тажикстан жана Түркмөнстандан да озуп кеткен. Ушуну эске алсак, аны жеңген согушкерлер коңшулар үчүн оголе кооптуу.
Жаңы аскердик саясат
Жаңы шарттарда чөлкөмдөгү өлкөлөр коопсуздук жаатында өнөктөштөрүн биротоло аныктап алууга тийиш эле. Борбор Азияда Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишим уюму да олуттуу роль ойнойт. Андан сырткары, Уюмдун сентябрдагы саммитине мүчөлүгүн жандандырбаган, бирок азыркы жагдайда күчтөрдү бириктирүүнү туура көргөн Өзбекстан да катышты. ЖККУнун негизги күчү – Сирияда эл аралык террорчулук менен күрөшүүдө тажрыйбасы бар Россия.
Согушкерлердин мизин кайтаруу боюнча август айында россиялык, тажик жана өзбек контингент биргеликте машыгуу өткөрдү. Бул аскерий окууларда РФ армиясынын жеке курамы 72 пайызды түзүп, жалпы аскер техникасынын 84 пайызын камсыздап берди. Ошондой эле РФтин Башкы штабы Афганистан менен чектешкен жерде аскер инфраструктурасын чыңдоодо чоң роль ойнойт.
Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын Афганистандагы жеңилишинен улам чөлкөмдө АКШ жана НАТО менен аскердик кызматташтыкка кызыгуу кескин тарай түштү. ЖККУга мүчө мамлекеттер "Афганистандагы АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн аскер инфраструктурасынын объектилерин, ошондой эле чет элдик аскердик күчтөр менен кызматташкан афган жарандарын өз аймактарында жайгаштырууга каршы" декларация кабыл алышты. Ушул көз карашты ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстан да расмий түрдө колдоду. Айтмакчы, аталган республика дагы өз территориясында аскердик объектилерди түзүү боюнча америкалык сунуштардан баш тартты. Мындан тышкары, бул жайда НАТО жана Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Казакстан менен Өзбекстан жыл сайын катышкан "Талаа кырааны" окуулары өткөн жок.
Афган согушу Түндүк атлантикалык альянстын майнапсыздыгын айгинелеп койду, болбосо афган армиясы АКШнын НАТОдон тышкаркы артыкчылыктуу союздашы болуп эсептелчү. АКШнын колдоосу менен 20 жыл бою түптөлүп келген армия талибдер тарабынан бир нече айдын ичинде кыйрап калды. Бул жагдай Борбор Азияга гана тургай, бүтүндөй чөлкөмгө кыйын күндө таштап кете бермейи бар Батыш армиясына таянбай турган коопсуздуктун жаңы тутуму зарыл экенин көрсөттү.
Жылдык саясий цикл
COVID-19 пандемиясынын уланышы жана катуу кургакчылыкка карабастан аймакта 2021-жылдын саясий цикли салыштырмалуу тынч жыйынтыкталды. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда шайлоо үзгүлтүксүз өттү.
Айрыкча кыргыз президенти Садыр Жапаровдун ийгилигин баса белгилеп коёлу. Январь айындагы президенттик шайлоодо ал 80% добуш алып, өзүнөн мурунку өлкө башчысынын 2017-жылдагы көрсөткүчтөрүнөн 20 пайызга – 100 миң добушка көбүрөөк алды. Бул менен катар эле өзү сунуштаган Конституция да референдумда колдоого татыганы, ноябрда парламенттик шайлоонун тынч өтүшү Кыргызстандын жаңы лидеринин ийгилигин арттырды. Болбосо көпчүлүк кайрадан 2020-жылдын октябрындагыдай башаламандык башталып кетпегей эле деп чочулап турган. Айрым оппозициялык партиялар каршы чыкса да, кыргыз коомчулугу шайлоонун жыйынтыгын жалпысынан кабыл алды.
Казакстанда 2021-жылдын январындагы парламенттик шайлоо бир аз оор өттү десек болот. Башкаруучу "Нур-Отан" партиясы парламенттик көпчүлүк атыкканы менен 2016-жылдагыга караганда 10 пайыздан ашуунун жана 1 миллион добуш азыраак алды. Тагыраак, мурунку шайлоодо 6,1 млн добуш алса, быйыл 5,1 миллион шайлоочунун гана көңүлүн таба алган.
Ал эми Өзбекстандын кайра шайланган президенти Шавкат Мирзиёевдин электоралдык жыйынтыгы мурдагыдай эмес. 2016-жылга караганда ал 8 пайыз – 3 миллиондун тегерегинде добуш жоготкон. Жогорку, тагыраак 80 пайыздан ашуун эл колдоп бергени менен Өзбекстанда коңшу Казакстандагыдай эле социалдык чыңалуунун өсө түшкөнү байкалат. Алдыда бийлик коомдун көйгөйлөрүн чечип берүүгө тийиш.
Пандемияга каршы күрөштүн жаңы баскычы
COVID-19 пандемиясы чөлкөмдүн турмушуна оор из калтырып кетти, ошол себептен жылдын урунттуу учурларына вакцинанын таралышы да кошулду.
Борбор Азияда алгачкылардан болуп россиялык "Спутник-V" сыноолордон көп өтпөй эле пайда болду. Ушул тапта аны чөлкөмдө же сатып алып, же гуманитардык жардам алкагында алган беш республика пайдаланууда. Эң көп көлөмдө Казакстан 114 миллион долларга сатып алды. "Спутник-V" жана "Спутник-Лайт Карагандада Россиядан алып келинген субстанциянын негизинде өндүрүлүүдө. "Спутник" менен республиканын жарандарынын 80%дан ашууну эмделди. Анын ичинде Нурсултан Назарбаев, президент Касым-Жомарт Токаев, премьер Аскар Мамин да ушул вакцинаны алышты.
"Спутниктин" өндүрүшү Өзбекстанда да башталган, ал эми Кыргызстан жайдан тарта ишкана ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бөлөк өлкөлөр россиялык вакцинаны импорттоодо. Мындан сырткары, чөлкөмдүн жарандарынын РФте эмгектенген бир бөлүгү Россия жергесинде эмделишти. Бул мамлекет Москва менен Петербург өңдүү ири калааларында чет элдиктерди эмдөөнү уюштурган.
Вакцинация жөнүндөгү сертификаттын ар кыл өлкөлөрдө таанылышы тууралуу маселе азыр чечилүүдө, бирок Борбор Азия калкынын турмушу жана коопсуздугу үчүн "Спутниктин" медициналык мааниси коопсуз экени талашсыз. Жапырт эмдөө – мамлекеттердин ар биринде каатчылыкка чейинки жашоо образына кайтуунун маанилүү баскычы.
Кызматташтыктын ийгиликтери
Тарыхый татаал абал, пандемия, Афганистандагы каатчылык, кургакчылык өңдүү көйгөйлөргө карабастан 2021-жыл кызматташтыктын өнүгүшү менен да өзгөчөлөндү. Өзбекстанда "Росатом" атомдук электр станция корпорациясын курууга даярдык жүрүүдө, бир топ толгонуудан соң Казакстан да өз аймагында ушундай эле долбоорду колдоого дайын экенин билдирди.
Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыгы да өрчүп барат. Уюмдун Ереванда өткөн кезектеги саммитинде насыя тарыхын алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул документ Евразиялык биримдикке мүчө өлкөлөргө жалпы мейкиндиктин каалаган жеринде насыя алуусуна шарт түзөт.
Дары-дармектин жалпы рыногун түзүү, тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу жана башка көп нерселер тууралуу кошумча документтер бекитилди.
ЕАЭБге жакында Өзбекстан да кошулуп калышы ажеп эмес. Евразиялык саммиттин кезектеги жыйынында аталган республика 2022-жылы өзүнүн техрегламентинин 22ден кем эмесин биримдиктин стандарттарына шайкеш келтирүүгө милдеттенме алды. Мындан тышкары, премьер-министр Абдулла Арипов ЕАЭБ өлкөлөрүнө өткөргөн айыл чарба өндүрүмдөрүн көлөмүн кеңейтүү боюнча бир катар так сунуштарын берди.
Ушул сымал күн сайын жүзөгө ашырылчу чарбалык жана дипломатиялык иштер террорчулук, пандемия жана дүйнөлүк чыңалуулардан улам экинчи планга жылып калганы кейитет. Анткен менен дал ушундай аракеттер чөлкөмдүн турмушу үчүн кыйла чоң мааниге ээ.
* — Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм
** — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм