БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Эндокринолог жана диетолог Оксана Михалева жаңы жылдык дасторкон ден соолукка зыянын тийгизбеш үчүн кайсы тамак-ашты аралаштырбаш керектигин түшүндүрдү. Адистин пикирин "Прайм" агенттиги жазды.
Эндокринологдун айтымында, спирт ичимдиктерин ичип жаткандар майлуу тамактарды көп жебегени жакшы. Анткени ичимдик менен май кошулганда курч панкреатитке алып келиши мүмкүн.
"Мисалы, оливьеге адаттагыдай майонез эмес, каймак кошсо туура болот. Анын майлуулугу азыраак. Же ар түрдүү салаттарды жасабай эле койгон туура. Албетте, кожойкелер дасторкону ашка толуп турушун каалайт. Бирок бир эле учурда ар кайсы тамакты аралаштырганда ашказан кыйналат. Ар кандай илдеттер пайда болот", — деди Михалева.
Ал эми болбой эле дасторконун дүйүм тамак-ашка толтургусу келгендер айрым салаттардын курамынан өтө майлуу азыктарды башка азыктарга алмаштырса болору айтылат.
Ошондой эле калориясы жогору салаттардан кийин десерт жебей эле койгон туура.