КМШ жана Россиядагы быйылкы негизги аскердик-саясий окуялар. Жыл жыйынтыгы

2021-жыл КМШ өлкөлөрү үчүн дээрлик тынч өттү. Коопсуздук чакырыктары жана жергиликтүү чек ара жаатындагы чыңалуулар дипломатия жолу жана аскердик машыгуулар менен жөнгө салынды.
Sputnik
Россия Федерациясы да өз союздаштары, Европа менен Азиядагы достук-ырашкерликтеги коңшулары үчүн тынчтык жана туруктуулуктун кепилдиги бойдон калууда.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана чектешкен мамлекеттердеги жыл ичиндеги аскердик-саясий окуяларды хронологиялык тартипте эмес, мааниси жана келечекке да чагылуу жагдайларына карап кайрадан бир көздөн сыдырып чыгалы. Ушундай демилгеси менен аскерий баяндамачы Александр Хроленко ар бир урунттуу учурга токтолгон.

"Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө – 3" келишимин узартуу

Жан кейиткен божомолдорго карабастан, Россия жана Америка Кошмо Штаттары 3-февралда аталган келишимди беш жылга узартышты. Демек, "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө – 3" келишими (СЧК III) 2026-жылдын 5-февралына дейре күчүндө.
Эл аралык кыйчалыш жагдайда РФ жана АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жо Байден телефон аркылуу сүйлөштү. Демин ичине каткан дүйнө андан улам кере-кере дем алып алгандай эле болду.
Келишим стратегиялык туруктуулуктун тийиштүү деңгээлин, өзөктүк эки ири державанын аракеттерин болжой билүү жана алардын ачыктыгын кепилдеп турат (Келишимде жылда АКШ жана Россиянын топторуна жеринде 18 текшерүү каралган).
Америка Кошмо Штаттары жана Россия Федерациясы 2018-жылдын 5-февралындагы "Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө – 3" келишиминдеги негизги чектөөлөргө жетишип, алар азыр төмөнкүдөй деңгээлде:
700 – кеңейтилген континенттер аралык баллистикалык ракета;
1550 – кеңейтилген континенттер аралык баллистикалык ракетанын өзөктүк ок-дарысы;
800 – кеңейтилген жана кеңейтилбеген континенттер аралык баллистикалык ракета (бардык түрдөгү, оор бомбалоочулар да анын ичинде).
Тараптар өздөрүнүн стратегиялык чабуул коюучу куралдарынын курамын жана түзүмүн континенттер аралык баллистикалык ракеталар, ок-дары жана аларды ташуучу түзүлүштөрдүн жалпы чегинде өз алдынча аныктап алууга акылуу.
Россиялык учкучсуз аппарат бутаны кантип талкалады. Видео

Бошотулган Афганистан

Афганистандан чет элдик аскер күчтөрүнүн качкандай элес калтырган чыгарылышы (август айында), талибдердин кайрадан бийликке келиши бүт дүйнөгө планетардык арбитрдин ролуна умтулган Кошмо Штаттардын анык жүзүн көрсөтүп койду.
Жыйырма жылга созулган афган кампаниясы Пентагон үчүн ашкере чыгашалуу (ар кыл маалыматтар боюнча 193 млрд. доллардан 978 млрд. долларга чейинки каражат жумшалган), жеңилүү жана геосаясий жактан басынуу менен аяктады. Кантсе да АКШ жана түндүк атлантикалык альянс өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү "бүтпөгөн" согуштарда ондогон жылдар бою утулуп келет эмеспи.
АКШ жана талибдер 2020-жылдын 29-февралында Дохада тынчтык келишимин түзүп, ага ылайык чет элдик аскер күчтөрү (НАТО) чыгарылса, ага жооп катары Афганистандагы тирешкен күчтөрдүн ортосундагы саясий жөнгө салынмак. Анткен менен иш жүзүндө талибдер бийликти оппоненттери менен бөлүшкүсү келбеди, куралдын күчү менен эки апта аралыгында Кабулдагы Америкага ыктаган өкмөттү кулатып койду. Ошентип, Афганистанда мамлекеттик түзүлүштүн америкалык тажрыйбасы пайда тийгизе албады. Борбор Азия өлкөлөрү өз аймагында Пентагондун "запастык аэродромун" жайгаштыруудан тегин жерден баш тартпагандыр.

НАТОнун суу бетиндеги жорук-жосуну

РФ өз сууларында быйыл Түндүк атлантикалык альянска чекти өтө катуу көрсөткөндөй болду. 23-июнда британиялык Defender эсминеци россиялык чек араны бузуп, Крымдын Фиолент тумшугунун аймагындагы ички сууларга үч чакырым сүзүп келген.
Кара деңиз флоту жана Россия ФКК Чек ара кызматы эскертүүчү артиллериялык ок жана курсун бомбалоо менен эреже бузган эсминецтин багытын бурдурткан. Бириккен королдуктун Коргоо министрлигинин "Defender эсминецинин Украинанын аймагындагы суулар аркылуу тынч сүзүп өтүү" жөнүндөгү расмий версиясы ок менен текшерүүгө "туруштук бере алган жок".
Россиялык Крымдын жээгиндеги атайылап жасалган чагымчылдык британиялык экипаждын мүчөлөрүнүн көбүнө соңку миссия болуп кала жаздады. Ошол окуя дүйнө жүзүнө НАТОнун кемелери жогорку технологиялык каршылашы менен тиреште канчалык алсыз экенин көрсөттү. Аны чөлкөмдөгү союздаштарынын колдоосу менен да, тагыраак, Sea Breeze-2021 машыгуусунун алкагында 30 өлкөдөн интеграцияланган 32 кеме, 40 учак, 5000 аскер да чыңдай албады.
Арышын арбын таштаган "Альтиус": куралдын кубаттуулугу тууралуу кеңири кеп

"Батыш – 2021". Майнаптуу машыгуулар

Беларусь жана Россия сентябрь айында 200 миң аскер, 290 танк, 240 артиллериялык орнотмо жана залптык октун реактивдүү тутуму, 80 чакты учак жана тик учак, 15тин тегерегиндеги кемени тартуу менен "Батыш – 2021" стратегиялык машыгуусун өткөрдү.
Аталган аскерий иш-чарада алгач ирет техниканын жаңы үлгүлөрү жана тактикалык ыкмалар да колдонулду. Мотоаткычтар менен катар "Уран-9" жана "Нерехта" сокку уруучу роботтору да катышканын белгилей кетели. Алар "Атака" ракеталык комплекстери, реактивдүү огнемёт жана 30 миллиметрлик замбиректердин огу менен 5 чакырымдык аралыктан шарттуу душмандын жоокерлерин жана сооттолгон техникасын талкалашты. Россиялык аскер күчтөрү авиатехниканын 60тан ашуун бирдиги, анын ичинде бомбалоочу алты Ту-22М3 оор учагы менен авиациянын массалык сокку урууну өздөштүрүштү. "Иноходец" ("Орион") жана "Форпост" сокку уруучу учкучсуздары да катышканын айтпай койсок болбос.
"Батыш – 2021" машыгуулары март айында АКШ армиясынын жетекчилигинде өткөн Defender Europe 21 ири масштабдуу окууларына ынандырарлык жооп болду. Эске салсак, анын жүрүшү Үчүнчү дүйнөлүк согуштун "даярдыгындай" эле элес калтырды. 26 мамлекеттен келген 30 миң аскер 12 европалык өлкөнүн 30 полигонунда машыкты. Америкалыктар Кошмо Штаттардын аймагынан Европага жоокерлерин гана эмес, аскер техникасынын 1200 бирдигин жөнөткөн.

Перл-Харбор – II

РФ Аскер-деңиз флоту соңку тарыхта алгач жолу быйыл июнь айында АКШ аймагындагы стратегиялык объектилерге массалык ракеталык сокку урууга машыкты. Америкалык Перл-Харбор аскер базасынын жанындагы аскерий окуулардын жүрүшүндө россиялык Тынч океан флоту (флагман – "Варяг" гвардиялык ракеталык крейсери) ракета ташуучу Ыраак авиация менен биргеликте шарттуу душмандын авиа ташуучу тобун кыйрата алды. Тагыраак, Гавайи жээгинен 20 деңиз милдик аралыктан канаттуу ракеталар коё берилди.
Америкалыктар буга катуу тынчсызданып, абага эң мыкты делген F-22 Raptor истребителин учурду. Гавайи штаты – россиялык Крымдын аналогу, элестүү түрдө чөктүрүлбөй турган америкалык авиа ташуучу.
Тынч океан флоту 20дан ашуун кеме жана субмариналардын төрт отрядын уюштуруп, алар май айында базалардан бир убакта ар кыл багыт менен чыгып, россиялык жээктерден 4000 чакырым аралыктагы Гавайиге жакын сүзүп барышкан.
Кемелердин бортунда жүздөн ашуун "Вулкан", "Калибр", "Уран" тактикалык жана ыкчам-тактикалык ракеталары болгон. Тынч океандын ортоңку бөлүгүндөгү масштабдуу машыгууларга Ту-95МС жана Ту-160 ракета ташуучулары, кайыкка каршы коргонуу авиациянын Ту-142МЗ учактары тартылган. Бул болуп көрбөгөндөй уюштурулушу, жогорку технологиялуу, таасирдүү жана ынандырарлык иш-чаралардан десек жарашат. Зарыл учурда Россиянын Аскер-деңиз флоту катылган душманга Дүйнөлүк океандын каалаган түйүнүндө гиперүндүү же термоөзөктүк "эпкинди" жарата аларын эске түйгөн оң.
Океандагы ниндзя, тоготпос "Борей", жылуу сөз. Тынчтыкты сактоо далалаты

Космостук курал

Россиялык С-550 зениттик ракеталык системасы (ЗРС) мамлекеттик сыноодон ийгиликтүү өтүп, аскердик күзөтүүгө киришти.
С-550 зениттик ракеталык системасынын мурдагы тутумдардан буталардын бардык түрүн ыраактан жана чоң радиустан кармай алышы менен айырмаланат. Мүмкүнчүлүктөрү да космостук деп аталганына жараша, башкача айтканда "он миңдеген чакырым" бийиктиктен континенттер аралык баллистикалык ракеталардын блокторун, гипер үндүү буталарын жок кыла алат. Буга таасын далил катары ноябрда ракета менен эскилиги жеткен "Целина-Д" спутнигинин жер бетинен жогорку чеберчиликте жок кылынышы. Россиялык коргонуу тутумдарынын мындай ийгилиги дүйнө жүзүндө дагы көпкө даңазаланат. АКШ космостук күчтөрү Россиянын өз спутнигин талкалаганын эскертүү иретинде кабылдоодо. Кокус чоң согуш тутанып кетсе, Пентагон менен НАТО бир-эки саат ичинде чалгындоо жана навигациянын космостук аппараттарынын болгон түрүн жоготуп алышы ыктымал. "Өнөктөштөрдүн" буга окшогон ракеталык тутумдары жок.

Келечекке көз чаптырсак...

Жамааттык Батыштын гибриддик жана түз согуштук коркунучтарына Россия заманга бапташтырылган, иш жүзүндө жаңы стратегиялык Ту-160М ракета ташуучусунун сериялык өндүрүшү менен жооп кайтарды. Ноябрдан тарта Ту-22М3 ыраактан бомбалоочулары жана стратегиялык Ту-160 Беларусь, Жер ортолук деңиз, Япон жана Чыгыш-Кытай деңиздеринин үстүндө эл аралык коопсуздукту бекемдеп келет. Москванын Минск, Дамаск, Пекин менен аскерий кызматташтыгы улам өркүндөп, алдыда дагы бир топ кызыктуу окуялардын болушунан кабар берет.
Ал эми жакында эле Россия Федерациясы АКШ менен НАТОго бирдей коопсуздуктун кепилдиктеринин негизинде келишимдердин так долбоорлорун сунуштаганы маалым. Эгер мындай мүмкүнчүлүк колдон чыгып кете турган болсо, Россия жамааттык Батыш жана Чыгыш Европанын согуштук коркунучтарына Куба, Иран, Сирия, КЭДР жана башка 5500 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган Х-101 жана өзөктүк Х-102 канаттуу ракеталарга ээ өлкөлөр менен өз ара аракеттешүү менен ассиметриялык жооп берүүгө аргасыз болушу ыктымал. Белгилей кетсек, булар Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө – 3 келишиминде каралган эмес. Айтор, баары ар кимдин тынч тил табыша билүү жөндөмүнө жараша.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Каспий флотилиясынын кемелери порт которду. Жаңы деңиз базасынын артыкчылыгы