Баткенде курч миздүү буюмдан жаракат алган киши көз жумду

Жабыркаган адам Айдаркен шаардык ооруканасында каза болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары маркумдун айылдашы кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Баткен районунун Бөжөй айылында денесинен жаракат алган 43 жаштагы Т.К. аттуу жаран ооруканада каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Окуя 25-декабрда саат 22.45тер чамасында катталган. Жаракат алган Суу-Башы айыл аймагына караштуу Бөжөй айылынын тургуну Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Жерине барган милиция кызматкерлери ал курч миздүү зат менен ичинен, жонунан жараат алганын аныкташкан. Т.К. эртеси күнү ооруканада көз жумган.
Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Денеге атайын оор залал келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Анын алкагында милиция окуяга шектелген Бөжөй айылынын 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургунун кармаган. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Киргшелктогу үч аялдын өлүмү. Шек жараткандар акталды
Киши өлтүрүү, тоноо, алдамчылык. Чет өлкөлүктөр жасаган кылмыштар көбөйдү