Нарын: контейнер-мектептин ордуна жаңы имарат салынды. Сүрөт

Кеңеш айылына эки кабаттуу, 150 орундуу, бардык шарты бар заманбап мектептин имараты курулду.
Sputnik
НАРЫН, 28-дек. — дек. Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектептин имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматынан Назгүл Мүсүралиева кабарлады.
Мектепке ысымы ыйгарылган улуу инсан Казаалы Абировдун айкели да ачылды.
1 / 3

Нарын районунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектептин имараты пайдаланууга берилди

2 / 3

Мектепке ысымы ыйгарылган улуу инсан Казаалы Абировдун айкели да ачылды

3 / 3

Эске салсак, Кеңеш айылындагы мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынып, учурда авариялык абалда болгондуктан 2019-жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болуп, бул коомчулукта резонанс жараткан

Эске салсак, Кеңеш айылындагы мектептин мурдагы имараты 1971-жылы салынып, учурда авариялык абалда болгондуктан 2019-жылы окуучулар контейнерлерден тургузулган мобилдүү мектепте окууга аргасыз болуп, бул коомчулукта резонанс жараткан. Жергиликтүү тургундар жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылып, 2020-жылы курулуш иштери башталган. Анда республикалык бюджеттен 57 миллион 937 миң сом бөлүнүп берилген.
"Кеңеш айылына эки кабаттуу, 150 орундуу, бардык шарты бар заманбап мектептин имараты курулду. Билим уясынын ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев да катышып, ачылып жаткан имарат ак жолтой болуусун тилек кылды", — деп билдирди ал.
Учурда аталган орто мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет.
Ачылыш аземде Нарын районунун акими Нуридин Мадумаров, Нарын облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жетекчиси, жергиликтүү эл катышкан.
Ысык-Атада балдар айыл өкмөт, ЗАГС, бала бакчада окуп жатышат. Видео