БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы алты партиянын талапкерлерин депутат катары каттады.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча алты партияга мандат берилет.
"Ата-Журт Кыргызстан" — 15 мандат;
"Ишеним" — 12 мандат;
"Ынтымак" — 9 мандат;
"Альянс" — 7 мандат;
"Бүтүн Кыргызстан" — 6 мандат;
"Ыйман нуру" — 5 мандат.
БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Төлөгөн Айдаров “Альянс” партиясынан Токтобүбү Оргалчаны шайланган депутат деп таануу токтомун жокко чыгарып, Жанар Акаевди ЖК депутаты кылып каттоо сунушун киргизди. Буга Акаевдин пайдасына чечилген Жогорку соттун токтому негиз болгон.
Чечимди БШКнын бардык мүчөлөрү колдоп, белгиленген үлгөдөгү ырастамалар жана төш белгилерин берүүгө макулдук берди.
Ошондой эле Чүй-Кемин шайлоо округунан шайланган Медербек Саккараевге да соттун чечиминин негизинде мандат берилмей болду.
Ал арада Жогорку Кеңештин маалымат кызматы жаңы шайланган депутаттар эртең, 29-декабрда, ант бере турганын билдирди.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда "баарына каршы" деген графа көп добуш алган. Бул аймакта кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.