"Ысык-Көл" мейманканасынын гүлдөгөн доору жана азыркы учуру. Архивдик сүрөттөр

"Ысык-Көл" мейманканасы Бишкектеги эң мыкты жайлардын бири болушу керек эле, бирок ал 37 жыл гана турду.
Sputnik
Аталган мейманкана кезегинде кандай болгондугун биз топтогон сүрөттөн көрүүнү сунуштайбыз. Акыркы төрт сүрөттөн башкасы 1986-жылы тартылган.
1 / 17

"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы ачылган

2 / 17

Объект Айтматов проспектинде, Бишкектин түштүк жагынан орун алган

3 / 17

Сегиз кабаттуу отель 200 кишини батырмак

4 / 17

Мейманкана ичинде ресторан, банкет өткөрчү жай, конференц-зал жана сауна бар болчу

5 / 17

Келгендердин көзүнө биринчи иретте улуттук костюмчан үч аялдын скульптурасы уруна турган

6 / 17

Мейманкананын фойеси

7 / 17

Номерлердин көбү бир жана эки орундуу эле

8 / 17

Отелдеги сауна

9 / 17

Регистратура

10 / 17

1993-жылы аны жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине киргизишкен

11 / 17

2007-жылы аталган жай иштебей, андан соң артына кете баштаган

12 / 17

Имаратты реконструкция кылууну пландашкан, бирок инвестор табылбай, бийлик объектини калыбына келтирүүнү колго алган жок

13 / 17

2021-жылдын апрель айында мейманкананы жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен чыгарышкан

14 / 17

2021-жылдын декабрь айында аны түрттүрө башташты. Бийлик имарат авариялык абалда экендигин, аны реконструкциялоо кайрадан куруп чыгууга кеткен каражатка барабар болорун айтты.

15 / 17

Имаратты атайын техникалардын жардамы менен талкалап, түрттүрүү иштери жүргүзүлдү

16 / 17

Андан сырткары, кол менен жасалган иштер да талап кылынды. Аны "жок кылуу" менен "Кыргызстройсервис" ишканасы алектенип жатат.

17 / 17

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курула тургандыгын айтышты. Бийлик бул жолдогу кыймылды азайтып, шаардын көркүнө көрк кошот дешти. Курулуш менен атайын түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенери жана чет элдик инвестиция тартылбай турганы айтылды.

Тема боюнча:
"Ысык-Көл" эмнеге бузулуп жатат? Президенттин иш башкармалыгынын түшүндүрмөсү
Кайыр сураган Санта-Клаустан 35 жаштагы президентке чейин. Апта ирмеми
Бишкектеги саймачылар сынагына окуучулардан чоң энеге чейин катышты. 14 ирмем