БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык дасторкондон кийин ашказанды жана деги эле саламаттыкты кантип калыбына келтирсе болорун Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы адиси Андрей Тяжельниковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
"Уйкуну кандыруу, турган соң анча майлуу эмес шорпо ичүү, бир аз жер жемиш жеп, таза абага сейилдөө... Бул нерселер жаңы жылдык дасторкондон кийин кыйналып калган организмди батыраак калыбына келтирүүгө жардам берет", — деди Тяжельников.
Адистин айтымында, эгер майрам түнү таң аткыча уктабасаңыз, эртеси уйку кангыча эс алса болот. Бирок дем алыш деп эле күндүр-түндүр жата берген туура эмес.
"Күндүз кечке уктаган киши оңой эле көнүмүш режимди бузуп алат. Демек, эс алуу күндөрдүн кийинкилери башаламан болуп өтүп кетет. Ал эми ишке кайткан учурда эс алганыңыз билинбей, алыңыз кетет. Кайра калыпка келүүгө дагы бир нече убакыт талап кылынат", — деди ал.
Спирт ичимдиктеринен кийинки баш ооруну жазуу үчүн шорпо жана айран, сүзмө жардам берери айтылат. Бирок кайрадан ичимдик ичип албаш керек. Мындай учурда киши өткөн суткадагы спиртти сиңирип бүтө элек организмди бир топ кыйнап коюшу мүмкүн экени айтылды.