Тамак-аш кандай гана таңгакта сакталбасын, ал азыктын сапатына таасирин тийгизет. Тактап айтканда, таңгак канчалык зыянсыз заттардан жасалса деле ичиндеги азык узак убакыт турганда химиялык курамы өз ара аракетке келип, тигил же бул заттарды бөлүп чыгарышы мүмкүн. Бирок мындан чочулоонун кереги жок. Мындай пикирин Алмаз Давлетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тамак-аш коопсуздугунда консерваланган азыктардын сапаты боюнча дүйнө жүзүндө бирдиктүү пикир жок.
"Өндүрүшчүлөр таңгакка буюртма берерде анын сапатын эске алышат. Бул алардын бизнеси үчүн маанилүү маселе. Мейли ал желимден, айнектен же башка нерседен жасалсын, ичиндеги тамак-ашка болушунча зыян алып келбей тургандай болуп даярдалып чыгат. Ошону менен катар эле көпкө сакталган учурда азык стерилизациядан өтүп, бардык жогорку технологиялар сакталып жасалса деле өз ара аракетке келип, баштапкы касиетин өзгөртөт. Бул жерде таңгакта жазылган мөөнөтүнө карап канчалык эрте ачып колдонсок, азык ошончолук жаңы болот деген түшүнүк туура эмес. Анткени ичиндеги продукция, балким, башка өлкөдөн алып келинген болушу мүмкүн же консерва былтыркы, мурдагы жылкы түшүмдөрдөн жабылышы ыктымал. Андыктан узак мөөнөттүү консервалардын сыртында жазылган жасалуу мөөнөтүнө карап тыянак чыгарбай эле койгон туура", — деди Давлетов.
Ал тамак-аш өндүрүүчүлөр адатта таңгакты башка компанияларга жасатарын, бирок жоопкерчиликти өздөрү аларын кошумчалады.