Тынчтыкты бекемдөөдө тек гана жылуу сөз аздык кылып, аны соңку үлгүдөгү өзөктүк куралдар да толуктап коет окшобойбу. Узаган жумада Северодвинскиде 885М (Ясень-М) жана 955А (Борей-А) долбоорлорунун алгачкы сериялык субмариналарында россиялык аскер-деңиз желектери салтанаттуу илинди. Бул окуяга баам салган аскерий баяндамачы Александр Хроленко аталган атомдук субмариналардын мүнөздөмөлөрүнө да кеңири токтолгон.
РФтин Аскер-деңиз флоту "Новосибирск" жана "Князь Олег" деген аталыштарды алган жаңы атомдук ракета ташуучуларды алды. Булар уникалдуу мүнөздөмөлөргө жана курал тутумдарына ээ. Субмариналар россиялык Тынч океан флотунун курамын толуктап, РФтин Аскер-деңиз флотунун аскердик дараметин бир кыйла жогорулатат.
Россия президенти Владимир Путин бул маанилүү окуяга байланыштуу моряктарды жана "Севмаш" ишканасынын эмгек жамаатын куттуктады. Ошону менен бирге эле көп буталуу "Новосибирск" душмандын буталарына "Калибр" жана "Оникс" канаттуу ракеталары менен сокку урууга жөндөмдүү экенин, ал эми "Князь Олег" суу түбүндөгү крейсери "Булава" континенттер аралык баллистикалык ракеталар менен куралданганын белгиледи.
Путин РФ Аскер-деңиз флотун жаңылоо ыргагын тездетүү, суу бетинде жана түбүндө жүрүүчү ар кыл долбоордогу заманбап кемелерди куруу, жээктеги инфраструктураны өнүктүрүүгө убада берди (ал дайым айткан сөзүн аткарат эмеспи). Сөз арасында дагы кайталай кетсек, 17-декабрда Москва Вашингтонго глобалдык коопсуздукту бекемдөөнүн жаңы тутумун, атап айтканда, өз ара кепилдиктер жөнүндөгү келишим долбоорлорун сунуштады. Россия Брюсселге карата убакыт коротподу, анткени АКШ менен НАТОнун позициялары чечүүчү роль ойной турганы маалым. Тынчтыкты бекемдөө боюнча сунуштары жана РФтин Аскер-деңиз флотунун кубаттуу ракеталык эки субмарина менен жабдылышы бири-бирине каршы келбейт.
Дегеле Россиянын суу түбүндөгү жаңы флотту курууда ыргагы ыкчам. Бул тутум анын улуттук кызыкчылыктарын АКШ жана анын союздаштарынын аскердик үстөмдүгү кайталанганына карабастан Дүйнөлүк океандын ар бир булуң-кысыгында коргой алат.
Россиялык конструкторлор бешинчи муундагы ракеталык-өзөктүк флоттун негиздерин түптөөдө. Атап айтсак, акыркы үлгүдөгү аппараттар көзгө чалдыкпайт. Муну менен гана чектелбестен, курал-жарак тутуму жаңыртылып, чалгындоо, тескөө жана бута белгилөөнүн автоматташтырылган каражаттары киргизилүүдө.
РФтин технологиялык арышы Батыштын белдүү өлкөлөрүнө да кол жеткис деңгээлде. Жакында Россиянын суу түбүндөгү кайыктарында гиперүндүү "Циркон" ракеталары пайда болот. Аны алгачкылардан болуп 885М долбоорунун көп буталуу "Пермь" субмаринасы ташымакчы. Суу бетиндеги "Циркондор" сериялык өндүрүлүп, катарга кошуларына да аз калды.
Океандагы ниндзя
Төртүнчү муундагы "Новосибирск" суу түбүндөгү атомдук крейсери – "Ясень-М" долбоорунун алкагында курулуп жаткан жети кеменин бири. Эске салсак, алардын милдети – аскердик кайгуул аймагында АКШ жана НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн субмариналарына көз салуу (коштоо).
"Новосибирск" крейсери суу түбүнө 2019-жылдын аягында түшүрүлгөн, курулушун аяктоо, сыноолору, мамлекет тарабынан кабыл алынышы да көпкө созулган жок. "Ясень-М" долбоорунун көп буталуу, көзгө анча чалдыкпаган, сыйымдуулугу 13 800 тонналык субмариналары 520 метрге чейинки тереңдикке сүңгүй алат. Ошону менен бирге эле миналар, 533 миллиметрлик торпедалар, "Калибр", "Оникс" канаттуу ракеталары менен жабдылган. Ал эми жакынкы келечекте булардын катарына гиперүндүү "Циркондор" кошуларын да кайталай кетели.
Кеменин бортунда радиоэлектрондук жабдуулардын кынтыксыз комплекси бар. Суу түбүндө 100 сутка кармалып, 31 түйүндүк ылдамдыкта жүрөт. Экипажы 64 кишиден турат. Эки "мергенчинин" беттегени – душмандын сокку урган авиаташуучулар тобун жок кылуу, суу түбүндөгү "Огайо" стратегиялык ракета ташуучуларын таамай талкалоо. Эске салсак, бул ар бири 12нин тегерегиндеги W88 өзөктүк ок-дарыны камтыган "Трайдент" баллистикалык ракеталарынан 24 бирдикти ташып жүрөт.
"Ясендердин" мыкты мүнөздөмөлөрү фактылар менен тастыкталат. Россиянын суу түбүндөгү "Северодвинск" кайыгын Атлантика океанында АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн акустикасы да бир нече апта таба алган эмес. Ошондон улам Пентагон быйыл сентябрда аталган океанда россиялык суу түбүндөгү флот менен болжолдуу тиреш үчүн эсминецтердин бүтүндөй ыкчам тобун түздү.
The National Interest басылмасынын маалыматында көп буталуу "Ясень-М" 2500 чакырымдан ашуун аралыкта багындыра алчу 32 3М-14К "Калибр" канаттуу ракетасы менен жабдылган. Алардын сүзүп жүргөнү да байкалбайт, дабышы да угулбайт. Ылдамдыгы болуп көрбөгөндөй ыкчам, ошол эле учурда датчиктери да укмуштай сезимтал. Аталган басылма белгилегендей, "Кошмо Штаттардын негизги аймагына коркунуч туудурат".
Дүйнөдөгү эң аксакал уюмдардын бири – "АКШ Аскер-деңиз институту": "Россия – деңиз түбүндө согуш жүргүзүү жана чалгындоо операциялары үчүн атайын багыттагы кайыктар флотуна ээлик кылган, бул тармакта өз дараметин тынымсыз кеңейтип келген жападан жалгыз өлкө", – деп мүнөздөйт.
Каардуу "Борей-А"
Стратегиялык багыттагы ракеталык "Князь Олег" суу түбүндөгү крейсери заманга бап жакшыртылган "Борей-А" долбоорунун атомоходдорунун төртүнчү муунуна кирет. 2014-жылдын 27-июлунда башталып, эллингден (кеме курулушу) 2020-жылдын 16-июлунда чыгарылган. Долбоор алкагында жаңы технологиялык чечимдер ишке ашырылып, адам күчү пайдаланылчу тарабы болушунча азайтылып, коопсуздугу абдан бекемделген.
Мамлекеттик сыноолордун жүрүшүндө бул крейсер Ак деңиз акваториясында суу түбүнөн Камчаткадагы Кура полигонуна карай "Булава" баллистикалык ракетасын кое берген. Эсептелген убакытта ракетанын аскердик блоктору аталган районго келип жеткен.
21-декабрга дейре россиялык Аскер-деңиз флотунун курамында төрт "Борей" кызмат өтөгөн: алардын үчөө – 955 долбооруна таандык "Юрий Долгорукий", "Александр Невский", "Владимир Мономах", ал эми дагы бири – 955А долбоорундагы "Князь Владимир". Аталган үч кеменин шахталарында 16 "Булава" континенттер аралык баллистикалык ракетасы бар, андан кийинки субмариналардын сокку уруучу мүнөздөмөлөрү ачык айтылбайт.
РФ Коргоо министрлиги Аскер-деңиз флотун жалпы он "Борей" менен жабдууну пландоодо. Алар жакынкы он жылдыктарга карата россиялык өзөктүк үчтүктүн деңиз багытындагы негизи болмокчу. 8 000 чакырымга чейинки аралыкка жалпы 160тан кем эмес "Булава" ракеталарын ташыйт, муну 100-150 килотоннадан турган 1 600 ажыратылуучу курал деп түшүнүңүз.
Катуу отун менен кубатталчу кыймылдаткычы бар, ылдамдыгы, манервдүүлүгү жогору "Булава" континенттер аралык баллистикалык ракетасы чакан көлөмгө жана болжолдуу душмандын абадан коргонуу тутумун тоготпогон эң майнаптуу системага ээ.
Стратегиялык багыттагы "Борей-А" акырындап үчүнчү муундагы атомдук крейсерлердин ордун басууда, ал эми тогузунчу жана онунчу "Борейлер" 2030-жылга чейин тийиштүү топтун курамына кирмекчи. Серия дагы уланып калышы ажеп эмес. Мында Стратегиялык чабуул коюу куралдарды чектөө келишиминин таасири байкалат, анткени кое берүүчү орнотмолору жана дүрмөттөрүнүн саны аныкталган.
Россиянын Аскер-деңиз флотунда төртүнчү муундагы жаңы стратегиялык ракета ташуучулардын пайда болушу "өнөктөштөр" тарабынан чакырык катары кабылданууда. Анткен менен алардын буга иш жүзүндө жооп кайтарар дарамети жок. Дүйнөлүк океанда глобалдык гидроакустикалык системалардын жаңыларын иштеп чыгууга каржы бөлүү зарылдыгы чыгат, бирок бул кымбатка түшүп, анткен күндө да АКШнын (НАТОго) ийгилигин кепилдей албайт. Айтмакчы, "Борей" долбоорунун крейсери 400 млн долларга жетпеген каражатка курулган, ал эми андан чабал (дабышы алыстан угулган жана кынтыксыз дешке болбогон), төртүнчү муундагы Virginia көп буталуу субмаринасына Пентагон 2,5 миллиард доллар сарптаган.
Суу түбүнө ылайыкталган россиялык стратегиялык багыттагы заманбап крейсерлер жана көп буталуу субмариналар катылган кастын катыгын берип, Дүйнөлүк океанда жайгашканы менен эле Россияны бекем коргой алат. Ошентсе да Россия Аскер-деңиз флотун чыңдоону токтотпойт, анткени бул тармак планетанын булуң-бурчунда аталган державанын улуттук кызыкчылыктарын ынанымдуу түрдө коргоого салымы салмактуу.
РФ Коргоо министрлигинен билдиришкендей, 2027-жылга чейин "Севмаш" ишканасы "Борей-А" жана "Ясень-М" долбоорундагы атомдук кайыктан жетиден куруп, жылына бирден суу түбүндөгү ракета ташуучу жана көп буталуу субмаринадан тийиштүү түзүмдү жабдып турмакчы. Азыртан эле аскердик кубаттуулуктун дүйнөлүк рейтингинде Россиянын Аскер-деңиз флоту кемелеринин жалпы саны боюнча Кытайдан кийинки сапта. АКШ Аскер-деңиз күчтөрү 4-орунда, Улуу Британиянын ушул эле түзүмү 28-сапта жайгашканын да кошумчалай кетели. Салыштырсак, АКШнын Суу түбүндөгү күчтөрү – 2-орунда (68 бирдик), Россия – бул багытта дүйнөдө 3-орунда (64 субмарина).
РФтин коргонуу дараметинин улам бекемделиши "өнөктөштөрүнүн" көңүлүн чөгөрбөй койбойт. Ошол эле учурда мындай жагдай көп тараптуу дүйнөнүн белгилүү бир туруктуулугун кепилдейт.
Россиялык Коргоо-өнөр жай комплекси илимий-техникалык революция жасап, бул ийгилиги дүйнөдө теңдеши жок жана батыш иштелмелеринен ондогон жылдарга озуп кеткен куралдарды жаратууга жол ачты.
Азыркы көп полярдык дүйнөдө жогорку технологиялык "Ясень-М" жана "Борей-А" субмариналары Россиянын бүгүнкү жана жакынкы келечекте чындап эгемен жана жеңилгис өлкөгө айлануусуна эбегейсиз салым кошо алышат.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.