Европадагы энергетикалык каатчылык. Ойлонулбаган үстөккө-босток чечимдер

Батыш маалымат каражаттары катуу тынчсызданып туру. Германия өкмөтү жакынкы күндөрү баары бир өлкөдөгү алты атомдук электр станциянын үчөөнү өчүрө турганы маалым болду.
Sputnik
Бул экологияга жан тарткан дүйнөлүк коомчулукту кубандырчу кабар, бирок ага азыр алардын дарманы жок. Батыш маалымат каражаттарындагы макалалардын аталыштары жан кейитерлик мүнөздө. Ушул жагдайга байкоо салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Энергетикалык да, каржылык да тармактын адистери Берлин өзүнүн "жашыл" дымагын көрсөтүүгө эң ылайыксыз кадамга барганын бир ооздон белгилеп жатышат.
Германия — төрт триллион доллардан ашуун көлөмү менен Европанын негизги экономикасы, анын түптөөчүсү, тең салмактап жана Европанын жамааттык экономикасынын ынанымдуулугунун кепилдиги. Ошондой эле алдыга сүйрөп турган локомотиви десек да аша чаппайбыз. Андыктан бардык кызыкдар оюнчулар Берлин ишке ашырган долбоорлорго абдан тыкыр көз салышат. Анткени алардын жыйынтыгы коңшуларына жана бардык соода өнөктөштөрүнө тегиз таасир этет. Мурунтан пландалып келген Grohnde, Gundremmingen C жана Brokdorf станцияларынын өчүрүлүшү эмес, бул үчүн тандалган маал көпчүлүктү бушайманга салууда.
Өлкөлөрдүн бир даарынын өкмөттөрүн жана бюджеттерин 2021-жыл ого эле көп кыйынчылыкка тушуктурду. Дүйнөлүк экономиканы жана аба шарттарын калыптандыруу аракеттери кубаттуулук булактарынын баасын асмандатты. Бул туруктуу таңсыктыкты, резервдердин тартыштыгын жана былтыркыга салыштырмалуу кыйла кымбат баага кептеди. Маселен, Германияда бир мегаватт-саат 430 еврого чыкты, бул былтыркыга салыштырмалуу 350 пайызга жогору. Австрия, Франция жана Бельгияда деле баалар ушундай. Ал аз келгенсип сактоочу жайларда күйүүчү май кору да азайганы кабарланууда. Ноябрдын башынан бери европалык ишкана-операторлор жер алдындагы газ сактоочу жайлардан 14 миллиарддан ашуун куб метрден газ сордурушканы маалым. Азыркы тапта жер алдындагы резервуарлар 60 пайызга гана толуп турганы белгилүү, бул соңку беш жылдагы эң начар көрсөткүч. 2018-жылы гана ушундай кыйын кырдаал түзүлгөн, анда континенттин европалык бөлүгүндө "Чыгыштан келген жырткыч" деген аталыштагы аяздуу циклон жаалданып турган. Суук марттын башына чейин созулуп, түштүк аймактарга да кар калың түшкөн. Анын айынан транспорттун жүрүшү да үзгүлтүккө учурап, жүздөгөн аба каттамы токтотулган. Оор абал эле, анткен менен качандыр бир күн чилденин да мизи кайтарын баары билишер эле. Ал эми бүгүн пандемия жана каржылык-энергетикалык каатчылык качан бүтөрүн болжош кыйын болуп турган убак.
Россиянын Батышка талабы: ал кабыл алынбаса жагдай кандай болот?
Германия жыл аягына чейин (буга саналуу гана күндөр калбадыбы) бул үч АЭСтен сырткары, экономиканы декарбонизация милдеттенмелерине ылайык ыктыярдуу түрдө көмүр жагылган дагы 11 Жылуулук электр станциясынын ишин токтотот. Башкача айтканда, аталган өлкөнүн электр кубатын өндүрүү үч эмес, дароо 6,4 гигаваттка кыскара түшөт. Негизи Германия акыркы жылдары электр кубатын өндүрүүнү төмөндөтүп келет.
2018-2020-жылдар аралыгында немец энергетиктери муну 637, 603 жана 567 тераватт-саатка азайткан. Ал эми керектөө жаатында корко турган деле абал жоктой. 2019-жылы Германия болгону 567 тераватт-саат сарптап, бул 2010-жылга салыштырмалуу 11 пайызга төмөн көрсөткүч экенин белгилейли.
Бирок кептин төркүнү расмий отчеттор деңгээлинен төмөн катылууда. Берлин өз экономикасынын өсүшү жана өнүгүшү үчүн бар күчүн жумшоодо, бирок электр кубатын пайдаланууну жогорулатпастан бул мүмкүн эмес экени айдан ачык. Эгер немецтер көздөгөнүнө жетсе, анда 2030-жылы алардын индустриясы жана калкы кадыресе турмушун камсыздоо үчүн кеминде 700 тераватт-саат керектейт. Ошол эле учурда Германиянын энергетикалык көз карандылыгы да шарттуу. Өлкө өзүн бул жаата үчтөн биринен ашуунун гана камсыздап, калганын сырттан сатып алууга туура келет. Үч атомдук жана ондогон көмүр жагылчу жылуулук станцияларын дароо өчүрүү энергетикалык баланстан жок эле дегенде 50 тераватт-саатты кемитет, бул дээрлик онунчу бөлүгүн түзөт. Ал эми алдыда ызгардуу дагы эки ай бар.
Олаф Шольцтун жаңы тобу менен өткөрүлүп жаткан линия бизге эле эмес, баарына дегеле түшүнүксүз. Берлин муну кантип жөнгө саларына бардык дүйнөлүк медиа каражаттары түйшөлүп турат, анткени "жашыл" демилгелерден тышкары так бир маалымат жок.
Германия "Фукусима" АЭСиндеги авариядан соң атомдук энергетикадан толугу менен баш тартууну чечкен. Дүйнөлүк рыноктор каардуу күнгө кабылганча бул чечимди баары кубатташкан. Бирок азыр баарын аксата тургандай жагдай жаралууда. Эске салсак, ошол кырсык болгон убакта Японияда 54 атомдук реактор иштеп турган. Кийин алар текшерүү жана коопсуздук предметтери үчүн толук токтотулган. Азыр алар баары кайра катарга кошулууда. Анткени аларсыз энергетиканын жетишсиздигин жоюу мүмкүн эмес. Аталган мамлекеттин бийлиги жана АЭС ээлери мыйзамдуу түрдө жергиликтүү тургундар менен да макулдашып, Ушул тапта Японияда отуз жети реактор кайрадан ишке кирген. Дээрлик ар бир өлкөдө ушундай көйгөйлөр болгондуктан Германия АЭСтерин токтотуу пландарын ишке ашырбай кое турганы оң болмок.
Экологиялык факторун да белгилей кетели. Атомдук энергетиканы бир топ жылдан бери экологиялык таза деп мүнөздөп келишет, себеби АЭСтин ишинде парник газдары аз бөлүнүп чыгат. Бирок бул маселе эл аралык бюрократия "океанында" чөгүп турат.
Европа Россиядан газ алууга аргасыз: кыйла кымбатка түшөт
Батыштын экологиялык активисттери Германия бул кадамы менен көмүр жагуунун көбөйүшүнө алып келерин белгилешет. Өлкөнүн энергетикалык балансында бул соңку үч жылда 22ден 16 пайызга төмөндөгөн эле. Ал эми кайра көбөйсө 2050-жылга чейин көмүртексиз экономикага өтүү пландарынын баарына чекит коеру турулуу иш. Мисалы, Scholven-B көмүр жагылчу электр станциясына ээлик кылган Uniper компаниясы мындай өндүрүшкө кайра кайтуу маселесин келерки жылдын башында кароого даяр. Анткени ал өңдүү кожоюндар европалык энергетикалык биржалардагы баалар менен таанышып, кайра ишке белсенип тургандары талашсыз. 1-январдан тарта тооруктарда бир мегаватт 600 евро жана андан жогору баага чыгары күтүлөт. Uniper жана анын кесиптештери муну ач көздүгүнөн эмес, куру дегенде азыркы позицияларын сактап калуу үчүн ушундай кадамга барышарын айтып коюу абзел.
2017-жылы рыноктун оюнчуларынын кирешеси 27 пайызды, келерки жылы он пайыздык деңгээлде, ал эми 2023-жылы бул ишке салган ар бир евросуна үч пайыздан ашпаган гана пайда табары жоромолдонууда.
Көмүр экспорттодо айныгыс лидер – Австралия өкмөтү эмдиги жылга карата каржылык планын кайра карап чыгарын расмий түрдө жар салды. Канберрдегилер сапары карыган жылдагы энергетикалык ресурсту сатуу жана экспорттоодон түшкөн киреше 22 пайызга өсүп, 272 миллиард долларды түзөрүнө үмүт артат. Энергетикалык көмүр сатуудан эле австралиялыктар дээрлик 40 миллиард табат.
Жаңы жетекчилиги "жашыл" демилгечилерге жык Германия иш жүзүндө климат үчүн коопсуз АЭСтерди жаап, экинчи жагынан рыноктогу оюнчуларды көмүр жагууга кайтууга түртүүдө.
Бир жума мурун Франциядагы "Сиво" (Civaux) АЭСинде биринчи контурдагы суу айланган түтүктөрдө жарака кеткенин Атомдук коопсуздук жаатындагы көзөмөлдөөчү орган кабарлады. Эске салсак, аталган станцияда кубаттуулугу боюнча дүйнөдө теңдеши жок (1560 мегаватт) PWR реакторлору (өз өндүрүшүндөгү) пайдаланылат. Кырсыктын алдын алуу максатында алар тезинен токтотулган. Анын дагы бир түгөйү – бир эле убакт курулган "Шо" (Chooz) АЭСи да бар эле. Бирок жөнгө салуучу орган акылга сыярлык аракет менен мында да үч PWR-реакторунун ишин утурумдук токтоткон.
Электр кубатын экспорттоодогу лидер Франциянын да энергетикалык балансынан көз ачып жумганча эле беш гигаватт кемий түштү. Мындай абал экспортту атабаганда да өз жарандарын электр кубаты менен жабдууну көйгөйгө салары анык.
Европага кыштын чилдеси менен бирге эле жарыксыз күндөр да келе жаткандай. Себеби кечинде үйдө жарык жанабы же айдын аягында канча төлөм күтөрүн эч ким ишенимдүү айта албайт. Ушундай кырдаалга европалыктар өздөрүнөн бөлөктү күнөөлөй алышпайт. Анткени алар өз кыялдарына жетеленген жана физика менен рыноктун мыйзамдарын этибарга албаган саясий жетекчилерди өздөрү тандашкан. Балким кайсы бир кезде дал ошолордун колу менен жаралган каатчылык тууралуу китептер да жазылат чыгар. Азыр болгону ошол каатчылыктарга туруштук берүү маселеси гана турат.
Евробиримдик Россияга кантип доо кетиргиси бар?