БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Диетолог Татьяна Дик дени сак жашоо образы менен жашагандар жеген айрым популярдуу азыктар арыктоого жардам бербей турганын айтып чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Анын айтымында, көп сунушталган годжи мөмөсү салмак таштоого жардам бербейт жана анын курамындагы заттар ит мурунда деле бар.
Спирулина аттуу тузсуз сууда өскөн көк жашыл балыр витаминдерге жана белокко бай. Бирок анын ченемин билүү керек, курамындагы заттарды гречка, ашкөктөн жана башка заттардын деле алууга болот.
Диетолог ананас, имбирь, кызыл калемпир, корица жана ушул сыяктуу азыктар арыктатып жана зат алмашууну тездетет деген көндүм ойлор да туура эмес экенин айткан. Анткени бул азыктар липолизге — майды кетирүүгө жана май запастарына түздөн-түз таасир эте албайт.