Диетолог мандариндин пайдасы менен зыянын айтты

Бул жемиш пайдалуу делген менен дарыгер аны ашыкча колдонуудан этият болууну эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Диетолог жана нутрициолог Надежда Цапкина РИА Новостиге мандариндин пайдасы менен зыяны тууралуу айтты.
Дарыгер белгилегендей, бул жемиш кальций, магний, калий, D, K жана B витаминдерине бай. Андагы клетчатка ичеги-карындын ишин жакшыртып, С витамини иммунитетти бекемдейт.
"Цитрус жемиштери вирус менен күрөшүүгө жардам берип, курамында биофлаваноиддер менен бета-каротин антиоксиданты болгондуктан, рак ооруларынын пайда болуусун алдын алат", — деген адис.
Мандарин пайдалуу делген менен дарыгер аны ашыкча колдонуудан этият болууну эскерткен. Көп жеген учурда боорго күч келип, аталган органда көйгөй жаралышы ыктымал. Диетолог күнүнө 4-5 мандарин жетиштүү экенин белгилеген. Аллергиясы, гастрит оорусу барларга да аны абайлап колдонуу сунушталган. Азык ашказандын былжыр челин дүүлүктүрөт.
Диетолог ашказанды оорутуп, ич көптүргөн азыктарды атады
Кышында оорубаш үчүн мандаринди кантип тандаш керек. Кеңеш