Саламатсыздарбы! Турмушка чыкканыма 20 жылдан ашты. Жолдошум күч түзүмдөрүндө иштейт. Өзүбүз айыл жергесинде турабыз. Мен 18 жашымда турмушка чыгып, окуган да эмесмин. Өмүр бою иштеген да жокмун. Беш баламды, кайната-кайненемди багып, үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин кызматын кылып жүрүп элүүгө да келип калыптырмын. Корообузда, кудайга шүгүр, малыбыз бар. Жазында жер да иштетебиз. Кара жумуштун баары менин мойнумда десем болот. Күйөөм жогорку билимдүү, спорт менен машыккан өзүн караган, чымыр денелүү эркек. Менден эки жаш улуу болгону менен жаш көрүнөт. Жашаганыбызга 20 жыл болсо да жумушуна байланыштуу ар кайсы райондо көчүп-конуп иштеп жүрдү. Мен дайыма үйдөн чыга алган жокмун. Үйгө мурда убагы менен эле келип, дем алыш күндөрү балдар менен болуп, түнөп кетчү. Акыркы бир жылда такыр өзгөрдү. Мени аялы катары эмес, үйдөгү балдардын апасы, ата-энесин баккан аялдай эле мамиле кылып койчу болду. Көзмө-көз отуруп сүйлөшүүдөн качат. Ушунун баарын байкап жүрдүм. Анан үйгө бир айда бир-эки жолу гана келип кетчү адат тапты. Чалсаң ар кайсыны шылтоолоп, Бишкекте командировкада жүргөнүн айтып урушуп коёт. Акыры үч жума катары менен келбей, чалсам ар кайсы шылтоону айтып калды. Кошуна райондун борборунда жайгашкан жумушуна бардым. Кесиптештери күйөөм ар дем алыш сайын эле үйүнө кетерин айтышты. Ошентип мен дагы көгөрдүм. Ошол жерде бир күн калып, акырын иликтеп көрсөм, күйөөм 28 жаштагы кесиптеш кызы менен жакшы мамиледе экен. Ага эки ай мурда туулган күнүндө автоунаа да белек кылыптыр. Экөө туулган күндү Бишкектеги эс алуу жайларынан өткөрүптүр. Угушумча тиги кызга толук эле "спонсор" экен. Ошондо мен киммин? Жаштыгымды көр оокатка арнап, күйөөм бар же жогун деле билбей жашаптырмын да. Мага ушул кезге чейин кымбат белек кылганы эсимде жок. Машина эмес, баасы өйдөрөөк көйнөк сатып бергени эсимде жок.
"Кыздарым окуп алсын, балдарга жетсин" деп өзүмдөн аяп, талаада эркектердей трактор жалдап жер айдатып, ата-энесин багып отурсам мага жасаган мамилеси ушул беле? Мен бүгүн ажыраша да албайм. Анткени күйөөмдүн сүйүүсүнөн айрылганым аз келгенсип, эми ушунча мээнет жумшаган үй-жайымды, балдарымдын ырыскысын таштап кете албайм. Аны киргизбей койсом да болбойт. Анткени колумда ата-энеси, өз үйү, ата конушу. Бирок аял катары ызага муунуп турам. Ыйладым, аны жектедим. Чоң аял менен жүрсө да бир жөн. Анысы кызыбыздан бир аз улуу эле кыз экен. Мындан ары экөөбүздүн ортобузда жубайлардай деле мамиле уланбайт окшойт…
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Мындай окуялар илгертеден эле болуп келе жаткан үй-бүлөлүк көрүнүш. Чечилбес көйгөй болбойт. Маселени акырындан анализдеп, анан жолун тапса болот. Ала качып алуу менен өз ара макулдашып, каалоо менен баш кошуунун айырмасы бар. Бул катта жубайлар эки тараптуу макулдук менен үйлөнгөндүгү көрүнүп турат. Андан кийин ар кимиси үй-бүлөдө өз милдетин так аткарып, башка жубайлардай эле жакшынакай жашап келе жаткан. Ортодон эле жанагыдай нааразычылык, түшүнбөстүк келип чыккан. Аял катында өзүн күң сыяктуу көрүп, өткөн жаштыгына, тарткан түйшүгүнө кейип, ызаланып турат. Эркекти ала турган болсок, анын да өз чындыгы бар чыгар. Ал да "ушуга чейин үй-бүлөмдү камсыздап келдим" деген өңдүү актанган пикирин айтат. Бирок биз көпчүлүк учурда жумуш же башка түйшүк менен жүрүп жакындарыбызды алыстатып алганыбызды байкабай калабыз. Ата-энеңди, түгөйүңдү материалдык жактан камсыздоо башка, ал эми сүйлөшүп, пикир алмашуу бөлөк. Убакыт чектелүү, ошол себептен аны туура бөлүштүргөндү билүү керек. Эркек киши үй-бүлөгө көңүл бурууда жумушту милдет кылбашы керек. Бир адамга өмүрүңдү байладыңбы, демек, сен аны бактылуу кылууга, бирге ынтымактуу жашоого болгон күчүңдү жумшашың керек. Ошол себептен үйлөнөрдө жети өлчөп бир кес дешет.
Эми бул катта терең трагедия деле жок, бирок аялдын ызасын да түшүнүү керек. Ал үчүн оор. Ошол эле учурда эркек да башкаларды карап, "кесиптештерим же досторум деле ушинтип жүрбөйбү, мен эмнеге анте албайм. Ошондой эле акча таап жатам" деши мүмкүн. Бул жерде үй-бүлөнү бузууга болбойт. Биздин менталитетте үй-бүлө баалуулуктарын терең карайбыз. Маселени сүйлөшүү жолу менен гана чечүүгө болот. Мында "мен мындай кылайын дегенде сен минткенсиң" деп бири-бирин күнөөлөп, эмоцияга алдырган такыр жарабайт. Ошондой эле бир жолу эле сүйлөшүү менен маселе бүтүп калбайт. Бул узак процесс. "Эмне үчүн ушундай акыбалга жетип калдык? Мен кайсы жерден ката кетирип койдум, мүмкүн үйдөгү түйшүктү ашыкча эле мойнума алып алган жокмунбу?" деп аял да ойлонушу керек. Күйөөсү да уялбастан эмне себептен андай жолго баргандыгын ачыктап, аялынан эмнени көргүсү келерин айтышы зарыл. Ушинтип баарын акырындан орду-ордуна коюп чыгуу абзел. Буга мүмкүн бир жыл кетет. Эгер экөөнүн тең үй-бүлөнү сактап калууга көңүлү болсо, бири-биринин айыбын чукубастан акырын сүйлөшүү абзел.