Евробиримдик Кыргызстанга 19,4 млн. евро берди. Каражат кайда жумшалат

Гранттын бир бөлүгүнө китептер сатып алынып, мектептер интернет менен камсыздалат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Европа биримдиги Кыргызстанга билим берүүнү жана санариптештирүүнү колдоо үчүн гранттык негизде 19,4 миллион евро (1 миллиард 844 миллион сом) которду. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Алынган каражаттын 7,4 миллион евросу билим берүү тармагына жумшалат. Анын эсебинен билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, китептерди сатып алуу жана бардык мектептерди интернет менен камсыздоо каралган.
Калган 12 миллион евро 2020-2023-жылдарга Кыргызстандын санариптик трансформациясынын Жол картасын колдоо үчүн бөлүнгөн. Ал министрликтерди маалыматтык база менен камсыздоо жана тейлөө программаларын иштеп чыгууга, өлкө боюнча санарип экономиканы илгерилетүүгө сарпталат.
Долбоордун максаты — Инновациялык санарип борборунун ишине көмөк көрсөтүү, бардык региондордо калкка электрондук кызмат көрсөтүүчү Санарип-Аймак системасын активдештирүү, өлкөнүн кибер коопсуздугун жогорулатуу, жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо.
Бишкектин транспортун электрлештирүүгө чет өлкөдөн 50,6 млн. доллар алынат