БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюму кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиевдин Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовду (Өзбекстан) көтөрүп чаап жеңишке жеткенин 2021-жылдагы мыкты учур деп тапты. Бул тууралуу дүйнөлүк уюм өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Анда кыргыз балбаны атаандашынын далысын тийгизип турган сүрөтү жана көтөрүп чаап баскан учурдун видеосу коюлган.
"UWW 2021-жылдагы мыкты учурларды тандады: кыргызстандык Эрназар Акматалиев Азия чемпиону Ильяс Бекбулатовго 8:0 эсебинде жеңилип жатып, керектүү учурду кармап, утуп кеткен. Бул жеңиш анын Токио Олимпиадасына баруусуна жол ачкан", — деп белгиленет посттогу комментарийде.
Эске салсак, Акматалиев өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу менен апрель айында Казакстандын Алматы шаарында квалификациялык Азия мелдешинин жарым финалында кез келген болчу.
Жакында эле UWW уюму Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасын жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бири деп тапкан.