БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Тамакка ашыкча тоюп, аны жакшылап чайнабай жеп, артынан көп көлөмдө суу ичип алуу ичти көптүрсө, айрым азыктар ашказанда ачып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог Светлана Фус билдиргенин РИА Новости жазды.
Дарыгердин айтымында, ашказанды курамында крахмалы көп азыктар оорутушу ыктымал. Алардын ичине ботко, нан, жүгөрү, күрүч кирет. Ичти жашылча-жемиш, жаңгак сыяктуу клетчатка да көптүрүшү мүмкүн.
Ашказан үчүн коркунучтуу азыктардын катарында сүт азыктары, таттуу газдалган суусундуктар, таттуулар, козу карын да бар.
Диетолог аз кыймылдаган учурда ич көбө турганын кошумчалаган.