Мадагаскарда кыйраган тик учактагы полиция министри 12 саат сүзүп жээкке жеткен

Министр кыйроого учураган жүргүнчүлөрдү ташуучу кемедегилерди куткаруу операциясы учурунда тик учак менен кырсыкка кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мадагаскарда 57 жаштагы полиция министри Серж Гелле куткаруу операциясы учурунда океандын үстүндө тик учак менен кыйроого учурап, аман калды. Бул туурасында Sky News телеканалы жазды.
Маалыматка ылайык, министр түшкөн тик учак 21-декабрда Мадагаскарда кыйроого учураган жүргүнчү ташуучу кеменин ичиндегилерди куткаруу операциясы учурунда кырсыкка кабылган. Өлкөнүн түндүк-чыгышында болгон каргашадан 64 адам каза болуп, дагы 24 кишинин дайыны чыкпай жатат.
Гелле жээкке жетүү үчүн 12 саат сүзгөнүн билдирген. Кырсыкка кабылган кезде анын жанында коопсуздук кызматынан жардамчысы болгон.
"Мага өлүүгө али эрте", — деген министр аны ооруканага алып кетип жатканда.
Министрдин айтымында, ал кыйраган тик учактын орундуктарынын бирин сүзүүгө керектүү каражат катары колдонгон. Дал ушул тетик ага сууда узак аралыкка чейин сүзүп, жээкке жетишине жардамчы болгон. Учурда Гелле кырсыктан кийин дарыланып жатат.
Мадагаскардын президенти Андри Радзуэлина Twitter баракчасы аркылуу кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жээктеги Махамбо шаарына чейин сүзүп жеткен министр менен дагы бир офицерди алкаган.
Авиакырсык: күн карама талаасынын дал ортосуна түшкөн тик учак. Фотофакт