Пакистанда Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар боюнча маселе козголду

Тараптар Кыргызстандын бир катар медициналык университеттерин таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти, доктор Аршад Таки менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Элчи Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, өлкөнүн өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жана жогорку медициналык билим берүү программаларына лицензия берүүгө убактылуу мораторий киргизилгени тууралуу маалымат берген.
"Тотуяев Жогорку билим берүү тармагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын медициналык комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар жогорку медициналык билим берүү тармагындагы Кыргыз-Пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан Кыргызстандын бир катар медициналык университеттерин таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашкан.
Пресс-борбор
Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайларды жабуу сунушталууда. Себеби