Айранга нан кошуп жебе! Организмде чирип, оору чакырган азыктар

Бири-бирине шайкеш келбеген азыктарды организм кайра иштете албай, пайдалуу заттар сиңбей калат. Мындан улам түрдүү оору пайда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кайсы азыктарды кошуп жебеш керектигин нутрициолог Екатерина Муравская РИА Новостиге айтып берди.
Адис белгилегендей, организмге кирген азыктар түрдүү ылдамдыкта иштетилет. Себеби ар биринин сиңишине ар башка фермент керек.

"Эки башка азыкты сиңирүү үчүн ашказандан эки бөлөк сок бөлүнүп чыгат. Мисалы, белокту сиңирүүгө кычкыл, углеводго щелочтуу чөйрө керек. Бири-бирине шайкеш келбеген азыктар кайра иштетүү процесси үчүн организмден көбүрөөк энергия алат. Кайсы бир азык кайра иштетилип, сиңгени жатканда, экинчиси ага даяр эмес болуп калат. Мындан улам ичеги-карындын иши бузулуп, азык организмде чирий баштайт. Ал эми пайдалуу заттар сиңбей, токсиндер пайда болуп организм ууланат дагы адам түрдүү ооруларга чалдыгат", — деди нутрициолог.

Муравскаянын РИА Новостиге билдиргенине караганда, белок менен крахмалды аралаштырып жеген туура эмес. Мисалы, буга нан менен эт, картошка менен эт, сүткө жасалган ботко, айран менен нан, нан менен кыям, кумшекер кошулган ботко кирет. Мындан тышкары, белок жана крахмалга бай азыктарды жегенден кийин жемиш ширесин ичүү дагы кооптуу. Организмге тамак сиңирүү процессинин туура иштегени маанилүү экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Нутрициолог рак оорусун чакырчу көп желген азыкты атады
Диетолог ич катканда жей турчу жемишти сунуштады