2022-жылы Россияда кумшекер кымбаттайт. Кыргызстанга таасири болобу

Кыргызстан өзүн-өзү кумшекер менен 40-50 пайыз гана камсыздагандыктан, чет өлкөдөн алат. Негизги импорттоочулардын бири Россия.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Россияда кумшекердин дүң баасы 10 пайызга чейин кымбаттап, 2022-жылдын жай мезгилинде килограммы 55 рублге жете турганы айтылууда. Бул тууралуу Агрардык рыноктордун конъюктура институтунун башкы директору Дмитрий Рылького шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.
"Дүйнөнүн эч бир жеринде кумшекер арзандаган жок. Россияда дагы келерки жылы кымбаттай турганы божомолдонууда. Учурда канттын килограммы дүң базарларда 50 рублден төмөн сатылып жатат. 2022-жылдын июнь айынын соңу, июль айынын башы 55 рублге чейин жетиши күтүлүүдө", — деди Рылько.
Россияда мурдагы жылы 8 миллион тонна кумшекер өндүрүлүп, бул рекорддук көрсөткүч болгон. Былтыр анын көлөмү араң 5 тоннага чукулдаган.
"2021-жылы өндүрүш акырындан калыбына келе баштаган (5,6-5,7 миллион тонна), бирок бул дагы деле аз. Келерки жылы кант кызылчасын айдоо жерлерин кеңейтүү пландалууда. Негизгиси өндүрүлгөн кумшекердин көлөмүн 6 миллион тоннадан ашыруу зарыл", — деди адис.
Кыргызстан өзүн-өзү кумшекер менен 40-50 пайыз гана камсыздагандыктан, чет өлкөдөн алат. Негизги импорттоочулардын бири Россия. Үстүбүздөгү жылда бир нече ай кант Россиядан пошлинасыз алынган. Эми 2022-жылдын 1-январынан тарта 31-августуна чейин дагы пошлинасыз алуу боюнча документке кол коюлган.
Экономика министрлигинен кумшекердин азыркы запасы март айына чейин жетерин, кийин дагы сүйлөшүүлөр болорун айтты.
Радио
Давлетов: азык-түлүк коопсуздугунда үч нерсеге көңүл буруу керек