"Кадимки эле сүттүн мисалында алсак, азыркы учурда эки ыкма менен таңгакталган сүт сатылат. Алар пастеризациядан өткөн жана стерилизацияланган. Бул ыкма менен таңгакталган сүт узак убакытка чейин, тактап айтканда, жарым жыл аралыгында бузулбай сакталып тура берет. Мындан кооптонуунун кажети жок. Анткени сүттү пастеризациялоодо ал 70 градус ысыктан өтсө, стерилизациялоодо ысык 120 градуска жетет. Башкача айтканда, сүт бышып калат. Андагы азыкты бузуучу микроэлементтер активдүүлүгүн жоготот. Муну менен катар эле продукциянын даамы өзгөрөт, ал бир аз күйүк даамданып калышы ыктымал. Мындан сырткары, азыктар ар кандай минерал жана витаминдер менен байытылган болушу мүмкүн. Бул жерде мен бардык эле азык сыртында жазылган маалыматка дал келет деп кепилдик бере албайм. Бирок мыйзамда таңгакталган азыктар адамдын саламаттыгына зыян алып келбеши керек деп так жазылган. Демек, өндүрүшчү продукция чыгарарда муну эске алат деп ниеттенем", — деди Давлетов.