Бишкектин транспортун электрлештирүүгө чет өлкөдөн 50,6 млн. доллар алынат

Макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя, калган 25 миллион 650 миң доллары грант түрүндө экени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Бишкек шаардык транспортун электрлештирүүгө 50 миллион 650 миң доллар берет. Бул туурасында макулдашууну ратификациялоо долбоору парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозовдун айтымында, макулдашуунун алкагында 25 миллион доллар жеңилдетилген насыя, калган 25 миллион 650 миң доллары грант түрүндө алынат. Кредит 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди эсепке алуу менен 32 жылга берилет.
Ошондой эле ал алты айдын аралыгында электр тогу менен иштечү автобустар келип каларын айтты. Сатып алуу боюнча тендер 15-январда өтөт.
Пресс-борбор
Мэрия өкүлү: Бишкекке автобус сатып алууга 33 млн. евро бөлүнүшү мүмкүн
Корея Жогорку Кеңештин жыйындар залын жабдууга 8 млн. доллар берет