Аскар Акаев: эми мен Кыргызстанга каалаган учурда келип кете алам

Аскар Акаев Кыргызстандын укук коргоо органдары менен тыгыз иштешкенин билдирип, ага карата ачылган иштин баары жабылганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мекенимде мындан ары мага карата эч кандай доо-арыз жок. Эми мен Кыргызстандын башка жарандарындай эле өлкөгө каалаган учурда кирип, чыга алам. Бул тууралуу Аскар Акаев Россиянын MK RU басылмасындагы маегинде билдирген.
Кыргызстандын тунгуч президенти Москвага 20-декабрда кайтып келгенин жазып, мекенинде ага карата коюлган айыптардын бардыгы жоюлганы белгиленген. Аскар Акаев буга кантип жетишкенин да айтып берген.
"2021-жылы мекенимде эки ирет болдум. Биринчисинде жайында, экинчисинде декабрда бардым. Ал жактан укук коргоо органдары менен эртең мененден кечке чейин иштеп жаттым. Кыргызстанда мага карата ачылган иштин баары жабылды. Мындан ары мен Кыргызстандын башка жарандарындай эле өлкөгө ээн-эркин кирип чыга алам", — деген Акаев.
Өз маегинде Кыргызстандын туңгуч президенти Кумтөрдүн сот иштери, Садыр Жапаровдун телефондон байланышканы, учурдагы иши тууралуу да айтып берген.
Эске салсак, Аскар Акаевдин Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалымдалган. Ал эми 20-декабрда УКМКнын ага карата эч кандай доосу жок экени кабарланды. Бирок УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.
Аскар Акаев ушул жылдын август айында 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген. Андан кийин элге кайрылуу жасап, "Кумтөр" долбоору боюнча өкмөткө ишенип чечим кабыл ала бергенин айтып кыргызстандыктардан кечирим сураган.
Таң калып жатабыз! "Кумтөр" финансы министринин айткандарына жооп кайтарды