Шейшембиге карата аба ырайы

21-декабрда кээ бир райондордо туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. 21-декабрь, шейшембиде, республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Талас аймагында +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарында -4...-9 градус суук болору күтүлүүдө.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +11...+13, Ошто +10...+12 градус жылуу болору болжолдонду.
Бишкектеги саймачылар сынагына окуучулардан чоң энеге чейин катышты. 14 ирмем