БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Кургак жемиштерди тандоодо сырткы көрүнүшүнө көңүл буруу маанилүү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан диетолог Светлана Панченкого шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, сатууга коюлган кургак жемиштин текстурасына, жылтыраган өңүнө карап кантип кургатылганын жана тазаланганын билсе болот.
"Эгер ал жылтырап же өтө жумшак болуп турса, май же глицерин колдонуп тазаланганынан кабар берет. Андан көрө жылтыраган эмес, өзүнүн табигый жыты бар жана сөңгөктөрү менен кошо алган жакшы. Ал эми жаңгактарды кабыгы менен тазаланбаган формасында алуу сунушталат", — деди адис.
Себеби көпчүлүк кургатылган жемиштердин өңү карайбай жана чымын-чиркейлер коно бербеши үчүн күкүрттүн диоксиди менен тазаланарын айтат. Андан соң ал көзгө жагымдуу көрүнүп кардарды өзүнө тартып калат. Адис табигый кургак жемиштер эч качан жылтырабайт деп эсептейт.
Ошондой эле ал күкүрттүн диоксиди аллергиясы бар адамдарга зыянын тийгизерин эскертти.