Диетасыз кантип жети килограммга арыктоо жолун адистер айтып беришти

Ноттингем университетинин окумуштууларынын изилдөөсүнө бирдей тамак жеген жана толук 82 аял катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Британиялык диеотолог, дарыгер Майкл Мосли жанды кыйнап машыкпай, диетаны көп кармабай, бирок 12 аптада алты-жети килограммга арыктоонун жолун айтып берген. Аны РИА Новости Daily Express басылмасына таянып жазган.
Мосли арыктоонун эң негизги эле майнаптуу ыкмасы – 19:00дөн кийин тамактан баш тартып коюу керек деп түшүндүргөн.
Диетолог анын пикирин Ноттингем университети жана Тегеран медициналык университетинин окумуштуулары кызматташып жасаган изилдөөнүн авторлору да бекемдээрин кошумчалаган.
Адистер 82 аялды катыштырган иш-тажрыйба жүргүзгөн. Кыз-келиндердин жарымы саат 19:30га чейин кечки тамагын ичсе, жарымы андан кеч ичкен. Анткен менен эки топтун тең жеген азыктарындагы кубаттуулук, тагыраагы, килокалорийлер бирдей болгон.
Майкл Мосли эксперименттин соңунда кечки жетиде тамактангандар жети килограммга чукул арыктаса, тамакты түнгө жакын жегендер беш килограммын жоготконун айтып берген.
"Алардын бели бир нече сантиметрге ичкерип, холестерин төмөндөп, кандагы майлар азайган", – деп кошумчалаган диетолог биринчи топтогу аялдар боюнча.
Адис кеч тамактанган кишилер уктаганга чейин үч саат мурда эле кечки тамагын ичип алгандарга салыштырмалуу майды 10 пайызга аз жоготорун кошумчалган. Андан сырткары, калориялуу азыктарды түнгө калтырбоого кеңеш берген.
Жаңы жылга чейин кантип арыктаса болот? Диетологдун кеңеши